Суроо жокто ийгилик каалап жатышты. Шайлоого аттанган беш партиянын дебаты өттү

28-сентябрда партия лидерлеринин теледебаты өттү. Дебатка беш партиянын лидерлери катышты. Алар: "Мекеним Кыргызстан" - Мирлан Бакиров, "Социал Демократтар" - Темирлан Султанбеков, "Реформа" - Клара Сооронкулова, "Ата Мекен" - Жанар Акаев, "Ордо" - Мирбек Мияров.

Суроо: Биз акыркы эки чакырылыштын депутаттарына кайрыла турган болсок, 5-6 чакырылышты карай турган болуп турабыз. Экөөндө тең айтылган убадалар эмне үчүн аткарылган жок десек шылтоолор окшош. Биз азчылык болуп калдык, коалицияга кирбей калдык, ага кирген күндө дагы бизди эч ким уккан жок. Опозицияны эч ким тоготпойт экен же болбосо айрым учурларда биз өкмөткө сунушталгандардын эки колун бош койдук, дагы ошол киши баарына жооп берсин дейбиз. Өкмөт башчысын дайындоо милдети өкмөттү түзүү, аткаруу бийлигинин ишинин сапатына көзөмөл кылуу жана арттыруу. Жогорку Кеңеште тургандан кийин мындай сөздөр бардыгы кандай кабыл алынышы керек жана сиздер бүгүн бара жаткан шайлоо алдында айткан убадаңарды так аягына чейин аткарылыш үчүн кандай кадамдарга барасыздар?

Мирлан Бакиров: “Биз бүгүн парламенттик, президенттик башкаруу системасында жашап жатабыз. Мындай системада жоопкерчиликти парламент алышы керек. Парламент ичиндеги коалиция же көпчүлүктү түзгөн фракциялар калышы зарыл. Мына ошондо толук жоопкерчиликти алат. Эмне үчүн бешинчи жана алтынчы чакырылышта мындай шылтоолор болуп келди? 4 партия 3 фракция түзгөн учурларда жоопкерчилик, тилекке каршы, бир фракцияда гана калган жок. Муну азыркы мүчүлүштүк катары айтсам болот. Албетте, биз парламентке келечекте жоопкерчиликти алууга даяр болуп бара жатабыз”.

Темирлан Султанбеков: "Бүгүнкү күндө мамлекеттик башкаруу системинде башаламандык болуп турат. Чынында президент парламенттин, өкмөттүн, соттун да ыйгарым укуктарын өзүнө алып алгандай. Андыктан өлкө башчылыкка кандай жакшы адам келсе дагы ортосуна эки-үч адам туруп алып, башкача кылганга аракет кылышат. Биз парламенттик системди сунуштайбыз. Бирок ал систем азыркы парламенттей болбойт. Биз 120 депутаттын санын 40ка түшүрөбүз. Ал кырк депутат сапаттуу иштеши үчүн партиялык системди жоюп, аты-жөнү аркылуу тандашыбыз зарыл. Улуттук лидерлерди өзүбүз тандашыбыз керек деген планды коюп жатабыз. Андан тышкары шайлоо учурунда эле кайсы талапкер кайсы министрликке барарын ачык айтышыбыз керек".

Жанар Акаев: "Буга чейинки депутаттар кантип иштегенин көрдүк. Бүт президентке кошомат кылып, элге кызмат кылгандын ордуна жүгүнүп, президентке жагалданып отурушат. Ушундай системаны жоюунун бир эле жолу бар. Күчтүү, билимдүү, саясий эрки бекем, духу күчтүү партиялар парламентке өтүшү керек. Олигархтар, уурулар, коррупционерлер эч качан президентке каршы чыга албайт. Биздин программада так жазылып турат. Жоопкерчиликти премьер-министр алышы кажет. Президент бүгүнкү күндө жөн гана орбитр болуп отурушу керек. Биз ушуну коё турган команданы түптөй алдык".

Мирбек Мияров: "Өзүбүзгө белгилүү болгондой, 6-чакырылыштагы парламенттин депутаттары абдан алсыз. Ошого байланыштуу бийлик дагы алсыз. Анын кесепетинен башыбыздан өткөн пандемияда 1 жарым миңге чукул элди жоготтук. Мындай нерсе болбошу үчүн бизге эмне керек? Биздин программада жазылгандай, 2 палаталуу парламентти киргизүү керек. Анткени элдин үнү бүгүн көчөдө. Парламенттин ичинде оппозиция жок. Ылдыйкы палатада депутаттын санын 60ка кыскартып, ал эми жогорку палатага жергиликтүү кеңештерден шайланган спикерлерди дайындоо керек. Элдин үнү, оппозиция парламенттин ичинде болушу керек".

Клара Сооронкулова: "Биз эл катары калпычы, куру убада берген депутаттардан тажадык. Ошондуктан 11-сентябрда элге кайрылып, программабыздын негизги беш багытын 500 күндө аткарбасак, биз мандатыбызды тапшырып кетебиз деп убада бердик. Ошондой эле кадамдарга башка партияларды чакырдык, тилекке каршы, бир дагы партия биздин демилгени колдогон жок. Биз ошол убадабызга бекем турабыз".

2-суроо: Бүгүнкү күндө Кыргызстанда, чындыгында инвестицияларды көбөйтүүгө чоң мүмкүнчүлүк бар. Ошентсе да инвестиция тартуу рейтингинде баарыңар билесиңер, биз 80-орунда турабыз. Айтыңыздарчы, сиздердин оюңуздар боюнча бүгүнкү күндө Кыргызстандын экономикалык өнүгүүсү үчүн чет элдик инвестициялардын көлөмү канча болушу керек деп ойлойсуздар?

Мирлан Бакиров: “Жалпысынан ишкерлик жана инвестиция тынчтыкты жана туруктуулукту сүйөт. Биринчиден, туруктуу экономика болуш керек, аны менен бирге өкмөт, парламент, баары туруктуу болгону талапка ылайык. Албетте, буга бизде чоң потенциал, мүмкүнчүлүктөр бар. Айрыкча экономиканы көтөрүүгө агрардык, тоо-кен өнөр жайы жана энергетикалык сектор чоң жардам бере алат. Биздин программабызда бул тармактарды кантип көтөрүү керек экени конкреттүү жазылган. Убагында Кыргыз өлкөсү агрардык жактан алдыда болгон. Учурунда казынага бул тармак 32 пайыз киреше алып келип турган, азыркы тапта 13 пайызга чейин түшүп кетти. Биз бул жоготууларды кайра кайтаргыбыз келет”.

Темирлан Султанбеков: "Биз бул жакта инвестиция жөнүндө талкуулап жатканда. Кыргыз өлкөсүнүн инвестициялык агенттигинин жетекчиси кайсы бир бийликчил партиянын атынан шайлоого бара жатат. Мен андан жакында эле инвестиция боюнча жооп берген мамлекеттик органдын жетекчиси катары өкмөттүн макулдашуусунун кайсы пунктунда инвестиция боюнча программа турат сурадым. Ал билбейт экен. Албетте, мындай адамдар турганда инвестицияны кантип өнүктүрөбүз? Мен азыр аймактардан келдим, ал жерде кичинекей шаарда эле 6 ресторан бар экен. Ал ресторандардын ээлери ошол шаарлардын мэрлерине жер, суу сурап кирери бышык. Андыктан мен мэрлерден: "Эмнеге сиздерде ошол маалда инвестициялык сунуштар болгон жок?" деп сурадым. Мисалы, ресторандын ээлери келгенде бул көчөгө мындай тигүүчү цех ачса болот. Бул жакта мынча жумушсуз отурган айымдар бар. Алар тиккенди билет деген папка болушу керек да. Кыргыз өлкөсүнө каражат деңиздей агып келет. Акыркы көчмөндөр оюндарына эле 100дөн ашык мамлекеттен келишти. Кыргыз өлкөсүнүн өздөрүнүн жарандары деле азыр абдан көп каражат табышат".

Жанар Акаев: "Ишкерлер капиталды чыгарып кетип жатат. Мына 2 миллиард доллардай акча чыгып кетти. Анткени Кыргызстандын сотуна, укук коргоо органдарына ишенбейт. Бизнес кылам деген адамга эч кандай шарттар түзүлгөн жок. Миллиондогон каражаттар менен келген инвесторлор бар. Бирок соттон, укук коргоо органдарынан утулат. Каралары дагы, агы дагы инвесторлорду кыйнайт. Керек болсо өзүбүздүн ишкерлер Кыргызстандан келечегин көрбөй чет өлкөгө акчаларын алып чыгып кетип жатышат. Ошондуктан мунун өзөгүн чечиш үчүн биз соттук-укуктук реформа жасашыбыз керек. Инвесторлорго таптакыр тийбей, жакшы шарт түзө тургандай системаны калыбына келтиришибиз керек".

Мирбек Мияров: "Ар бир инвестор алгач Конституцияны карайт. Ага ылайык, биз эмгек кодексин толугу менен карап чыгышыбыз керек. Аны өзгөртүү менен инвестицияны тарта алабыз. Экинчиден, Кыргыз өлкөсү кызыл зона болуп саналат. Анткени биздин чек арада дайыма конфликттер болуп турат. Биз эгемен болгон жылдар аралыгында 33 өкмөт башчы алмаштырдык. Мындай шартта кайсы инвестиция жөнүндө кеп кыла алабыз. Инвестиция кылардан мурда алгач стабилдүү мамлекет тургузушубуз керек. Кыргыз өлкөсү кедей мамлекет эмес, тонолгон мамлекет".

Клара Сооронкулова: "Биз жеке ишкерлерге шарт түзүп бере албай жатабыз. Ал эле эмес, өзүбүздүн ички инвесторлорго дагы шарт түзүлө элек. Мен жөн гана Кытай инвесторун мисал кылгым келет. Ал турак жай курган. Ал курган объект рейдерлик жол менен тартып алынган. Буга элдин да чоң тобу катышкан. Анын ичинде мурунку аткаминерлер болгон, азыр бул боюнча иликтөө жүрүп жатат. Мындан улам биз инвесторго мыйзамдуулук, адилеттүүлүк боюнча кантип кепилдик бере алабыз?”.
3-суроо: Президент жакында өткөн Коопсуздук кеңешинде дагы бир жолу айтты. Коррупция менен күрөшө турган органдар бүгүнкү күндө өздөрү коррупцияга малынып отурат деп. Биз бул кызматтарда орундардын соодалашуусу, 500, 200 миң долларлап кеткен паралар жөнүндө угуп жүрөбүз. Мамлекеттик кызмат адамынын айлыгын алып, бирок эң алдыңкы бизнесмендердин жашоосунан жакшы жашаган өкүлдөрүн билебиз деп айтып жүрөбүз. Мына ушул кырдаалдан биз канткенде тазалана алабыз? Эгер сиздердин партия парламентке келсе ушул кырдаалды кантип өзгөртөт?

Мирлан Бакиров: “АКСти жоюуга мен кошулам. Коопсуздук кеңеши бул мамлекеттик коопсуздук кызматы катары чек ара маселесин дагы бүт өзүнүн ыйгарым укугун так атакаршы керек. Каржы жана экономикалык кылмыштуулук боюнча бизде орган бар . Бүгүн ишкерлерге тоскоолдук кылып жаткан эки орган - бул АКС жана өкмөттүн алдындагы экотехинспекция. Мына ушул органдар майда-барат иштерге аралашып, булганып, ала турганын алып жүргөнү эл арасында да айтылып жүрөт”.

Темирлан Султанбеков: "Экономикалык сотторду түзүү керек. Анткени бүгүнкү күндө адам өлтүрүү же башка кылмыштар боюнча иштерди караган соттор экономикалык иштерди, кылмыштарды карай албайт. Мен кээ бир соттук отурумдарга катышкам. Ал жакта соттор насыялык макулдашуу эмне экенин да билишпейт. Бир сөз менен айтканда, экономикалык терминдерди түшүнүшпөйт. Экономикалык чырлуу иштерди кароо үчүн арбитраждык сот керек. Бизде ал жок. Инвемтор тигил же бул органга кайрылышы керек да. А бүгүнкү күндө инвестордун кайрыла турчу органы жок. Экинчиден, эл аралык аянтчаларда көп түзүү керек".

Жанар Акаев: "Кыргыз чиновнигинин бүгүнкү күндө айлыгы менен байлыгы туура келбейт. Ошону туура келгидей кылышыбыз керек. Мына биз билебиз да бажыда, прокуратурада, Финполдо, Салык кызматында иштегендин баары Жиптерди минип, хансарайларда жашаганын угуп эле жүрөбүз. Президенттин дагы сөзү менен иши дал келиши керек. Ал улам Коопсуздук кеңешин өткөрүп, "коррупция менен күрөшпөй жатасыңар" деп уруша бергени менен, андан конкреттүү натыйжа чыгарышы керек да. 500 миң доллар менен министрдин орун басары кармалды. Аны президент Коопсуздук кеңешинде урушуп кызматтан алды, бүгүн бийликтин партиясы менен уялбай эле шайлоого бара жатат. Коррупцияга каршы кызматын УКМКдан бөлүп чыгышыбыз керек жана УКМКны түздөн-түз парламентке баш ийдиришибиз зарыл".

Мирбек Мияров: "Биздин партия ар бир аймак үчүн ири долбоорлорду белгилеп койду. Алсак, Баткен облусуна жалпы баасы 5 миллиард долларга жакын болгон логистикалык борбор курууну каалап жатабыз. Мисалы, биздин өлкөдөн дүйнөнүн булуң-бурчуна авиаташууларды уюштурсак болот. Эгер биз Баткенге логистикалык борбор курсак, биз миллиарддаган салык алып келип, жарандарыбызды жумуш орду менен камсыз кыла алабыз".

Клара Сооронкулова: “Бул маселе биздин программада абдан кенен каралган. Анткени мен өзүм ушул тармакта көп иликтөөлөрдү алып барып жүрөм. Баштаганда эле УКМКдан баштасак деп турабыз. Биздин программада УКМКны мамлекеттик коопсуздук комитетине айланталы деп жатабыз. Буга чейин дебаттарда да айтылып кетти. Анткени бул мекеме өзүнө тиешелүү эмес көп иштерди аткарат. Өзүнүн табияты боюнча алар чалгындоого жооп бериши керек. Анткени алар купуя сыр дегенге жамынып алып билгенин кылып жатышат”.

Партия лидерлеринин бири-бирине берген суроолору:

“Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Мирлан Бакировдун партия лидерлерине берген суроосу: “Бүгүнкү кырдаал эгемендүүлүк учурубузда экономика, социалдык маселе азык-түлүк коопсуздугу маанилүү. Мына ушундай учурда менин атаандаштарым парламентке келип калса консализация болуп, бир пикирге келип, эгерде конституциялык реформа болсо, көбүрөөк басымды кайсы багытка жасайын деп турасыңар?

“Ата Мекен” партиясынын лидери Жанар Акаевдин жообу: “Мен жанагы эле жообумду берем. Өлкөдө бир эле кожоюн болуп, жоопкерчиликке тарта турган парламент жана премьер министри болуш керек. Азыркы баш мыйзамды күчөтөбүз, бирок депутаттарды кыскартуу боюнча жогоруда кесиптештерим айтып өттү. Эгерде андай болсо биз бул маселени кароого даярбыз”.
“Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулованын жообу: “Парламентте сөзсүз оппозиция болуш кажет. Кайсы тармак болбосун коррупцияга каршы бийликти тазалоого өзгөчө мүлктүк иллюстрация керек. Мыйзамсыз байыгандар менен күрөшөбүз. Эң биринчи кадамыбыз ушул болот”.
"Социал-Демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбековдун "Ата-Мекен" партиясынын лидери Жанар Акаевге берген суроосу: "Силер тазабыз деп жатасыңар. Анда эмнеге шайлоо фондундагы каражат боюнча 4-чү орунда бара жатасыңар. Каражат боюнча алдыңкы тизмедеги партиялар менен бирдей акча коротуп жатасыңар?
Жооп: "Бирдей деген туура эмес болуп калат. Башка партияларга окшоп жашырган жокпуз. Баарын ачык көрсөттүк. Анткени биздин катарда таза ишкерлик менен алек болгон адамдар бар. Алар шайлоо фондуна салымдарын кошту. Эмил Токтошев, Эльвира Сурабалдиева сыяктуу жаратман ишкерлерибиз бар. Алдыдагы үч партияга жарымынан дагы тең келген жокпуз".
Жанар Акаевдин "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакировго берген суроосу: Раматылык Чубак Жалилов өлөрүнүн алдында кайра-кайра какшап атты. Добуш саткан дагы арам, сатып алган дагы арам деп айткан. Урматтуу Мирлан мырза, сиз Кудайдын алдында ушул сөздү кайталап коё аласызбы?

Жооп: "Биз укуктуу мамлекетте жашайбыз. Биз мусулман калкпыз. Чубак ажы аалымдын жайы жаннаттан болсун. Добуш саткан дагы арам, сатып алган дагы арам. Аны тастыктай турган мыйзам. Аны ишке ашыра турган, кармай турган тийиштүү органдар бар. Ошондуктан бүгүн биз башынан ушул шайлоону таза, татыктуу өткөрөлү деп айтып келе жатабыз жана ошол пикирибизге турабыз".

"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияровдун "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакировго берген суроосу: "Сиз 2010-жылы "Республикадан", 2015-жылы "Өнүгүү-Прогресстен", азыр "Мекеним Кыргызстан" партиясынан келе жатасыз. Сизде принцип барбы?"


Жооп: "Биринчиден, сөздөрүңүздү далилдеп сүйлөңүз. Экинчиден, бизде 260 саясий партия бар. Партиялардын ортосундагы диалог, пикир алышуу, сүйлөшүү, келишүү - бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Сиз айтып жаткан дооматтар туура келбейт. Мен жаштардын демилгеси менен түзүлгөн партияга мыкты жигиттердин сунушу менен, конкреттүү команда менен келип жатам".

Суроо: Сиздердин программада коррупция жөнүндө айтылбаптыр. Эмнеге?

Жооп: "Биз конституциялык реформага макулбуз деп айтып кеттик. Ага ошол эле коррупция, сот системи, парламенттик структуранын кыскарышы болуп бардыгы камтылат. Коррупция жок болушу үчүн ачык-айкындуулук, экономика көтөрүлүшү керек. Арзыбаган эмгек акы алган салык кызматкери жана башкалар айла жоктон коррупцияга барып жатат. Ошондуктан биздин негизги максат - бул экономика".

"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияровдун "Ата Мекен", "Ордо" , "Социал-Демократтар" партиясына берген суроосу: "488 миңден жогору шайлоочу форма-2 боюнча шайлоо тизмесине кирди. Ушунун негизинде шайлоону легитимдүү деп тааный алабызбы?

"Социал-Демократтар" жооп: "Биз муну менен 400 миңден ашык кишиге акча берилди, алар сатып алынды деп айтсак болот".
"Ата-Мекен" жооп: "Мыйзам боюнча алып карасак, биз эч нерсе дей албайбыз. Анткени алардын добуш берүүгө укугу бар. Форма-2 менен бир шаардан экинчи шаарга ташылган жарандарга ишеним бар. Анткени алар ойгонуш керек. Аларды ташып, кордоп, мажбурлап жаткан адамдарга карыш кабинага киргенде силерге, бизге окшогон жаш команданы өзү билип туруп тандашы керек. Кабинага киргенде аларды эч ким көрбөйт. Алар өз тандоолорун жасашы керек".
"Реформа" жооп: "Форма-2 боюнча айта турган болсок, "кыянаттык менен пайдалануу" деген берене жатат. Бул акчалуу партияларга жылчык болуп калды. Ошол жылчыкты өз пайдасына колдонуп кетишти. Шайлоочуларга терс пикиримди айткым келбейт. Анткени эл кыйналып турат. Элдин абалын пайдаланып, акча менен азгырып, көчүрүп жатышат. Форма-2 боюнча катталгандардын саны жарым миллионго жакындап калыптыр. Мындай эч качан болгон эмес".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан