"Ордо" партиясынын лидеринин башка партиянын талапкерлерине берген суроолору

"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияровдун "Мекеним Кыргызстан" партиясынын лидери Мирлан Бакировго берген суроосу: "Сиз 2010-жылы "Республикадан", 2015-жылы "Өнүгүү-Прогресстен", азыр "Мекеним Кыргызстан" партиясынан келе жатасыз. Сизде принцип барбы?"

Жооп: "Биринчиден, сөздөрүңүздү далилдеп сүйлөңүз. Экинчиден, бизде 260 саясий партия бар. Партиялардын ортосундагы диалог, пикир алышуу, сүйлөшүү, келишүү - бул мыйзам ченемдүү көрүнүш. Сиз айтып жаткан дооматтар туура келбейт. Мен жаштардын демилгеси менен түзүлгөн партияга мыкты жигиттердин сунушу менен, конкреттүү команда менен келип жатам".

Суроо: Сиздердин программада коррупция жөнүндө айтылбаптыр. Эмнеге?

Жооп: "Биз конституциялык реформага макулбуз деп айтып кеттик. Ага ошол эле коррупция, сот системи, парламенттик структуранын кыскарышы болуп, бардыгы камтылат. Коррупция жок болушу үчүн ачык-айкындуулук, экономика көтөрүлүшү керек. Арзыбаган эмгек акы алган салык кызматкери жана башкалар айла жоктон коррупцияга барып жатат. Ошондуктан биздин негизги максат - бул экономика".

"Ордо" партиясынын лидери Мирбек Мияровдун "Ата Мекен", "Ордо" , "Социал-Демократтар" партиясына берген суроосу: "488 миңден жогору шайлоочу форма-2 боюнча шайлоо тизмесине кирди. Ушунун негизинде шайлоону легитимдүү деп тааный алабызбы?"

"Социал-Демократтар" жооп: "Биз муну менен 400 миңден ашык кишиге акча берилди, алар сатып алынды деп айтсак болот".
"Ата-Мекен" жооп: "Мыйзам боюнча алып карасак, биз эч нерсе дей албайбыз. Анткени алардын добуш берүүгө укугу бар. Форма-2 менен бир шаардан экинчи шаарга ташылган жарандарга ишеним бар. Анткени алар ойгонуш керек. Аларды ташып, кордоп, мажбурлап жаткан адамдарга карыш кабинага киргенде силерге, бизге окшогон жаш команданы өзү билип туруп тандашы керек. Кабинага киргенде аларды эч ким көрбөйт. Алар өз тандоолорун жасашы керек".
"Реформа" жооп: "Форма-2 боюнча айта турган болсок, "кыянаттык менен пайдалануу" деген берене жатат. Бул акчалуу партияларга жылчык болуп калды. Ошол жылчыкты өз пайдасына колдонуп кетишти. Шайлоочуларга терс пикиримди айткым келбейт. Анткени эл кыйналып турат. Элдин абалын пайдаланып, акча менен азгырып, көчүрүп жатышат. Форма-2 боюнча катталгандардын саны жарым миллионго жакындап калыптыр. Мындай эч качан болгон эмес".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан