"Айлыгы менен байлыгы туура келбейт". Депутаттыкка талапкерлер дебатта коррупционерлер менен кантип күрөшүү керектигин айтышты

28-сентябрда партия лидерлеринин теледебаты өттү. Анда “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынын лидери Мирлан Бакиров, “Реформа” партиясынын лидери Клара Сооронкулова, “Ата Мекен” партиясынын лидери Жанар Акаев, "Социал Демократтар" партиясынын лидери Темирлан Султанбеков жана “Ордо” партиясынын лидери Мирбек Мияров катышты.

Анда талапкерлерге: "Президент жакында өткөн Коопсуздук кеңешинде дагы бир жолу айтты. Коррупция менен күрөшө турган органдар бүгүнкү күндө өздөрү коррупцияга малынып отурат деп. Биз бул кызматтарда орундардын соодалашуусу, 500, 200 миң долларлап кеткен паралар жөнүндө угуп жүрөбүз. Мамлекеттик кызмат адамынын айлыгын алып, бирок эң алдыңкы бизнесмендердин жашоосунан жакшы жашаган өкүлдөрүн билебиз деп айтып жүрөбүз. Мына ушул кырдаалдан биз канткенде тазалана алабыз? Эгер сиздердин партия парламентке келсе ушул кырдаалды кантип өзгөртөт?" деген суроо берилди.

Мирлан Бакиров: "Каржы жана экономикалык кылмыштуулук боюнча бизде орган бар. Бүгүн ишкерлерге тоскоолдук кылып жаткан эки орган - бул АКС жана өкмөттүн алдындагы экотехинспекция. Мына ушул органдар майда-барат иштерге аралашып, булганып, ала турганын алып жүргөнү эл арасында да айтылып жүрөт".

Темирлан Султанбеков: "Экономикалык сотторду түзүү керек. Анткени бүгүнкү күндө адам өлтүрүү же башка кылмыштар боюнча иштерди караган соттор экономикалык иштерди, кылмыштарды карай албайт. Мен кээ бир соттук отурумдарга катышкам. Ал жакта соттор насыялык макулдашуу эмне экенин да билишпейт. Бир сөз менен айтканда, экономерминдерди түшүнүшпөйт".

"Ата Мекен" партиясынан талапкер Жанар Акаев бул суроого төмөндөгүдөй жооп берди:

"Кыргыз чиновнигинин бүгүнкү күндө айлыгы менен байлыгы туура келбейт. Ошону туура келгидей кылышыбыз керек. Мына биз билебиз да бажыда, прокуратурада, Финполдо, Салык кызматында иштегендин баары Жиптерди минип, хансарайларда жашаганын угуп эле жүрөбүз. Президенттин дагы сөзү менен иши дал келиши керек. Ал улам Коопсуздук кеңешин өткөрүп, "коррупция менен күрөшпөй жатасыңар" деп уруша бергени менен, андан конкреттүү натыйжа чыгарышы керек да. Коррупцияга каршы кызматын УКМКдан бөлүп чыгышыбыз керек жана УКМКны түздөн-түз парламентке баш ийдиришибиз зарыл".

Мирбек Мияров: "Биздин партия ар бир аймак үчүн ири долбоорлорду белгилеп койду. Алсак, Баткен облусуна жалпы баасы 5 миллиард долларга жакын болгон логистикалык борбор курууну каалап жатабыз. Мисалы, биздин өлкөдөн дүйнөнүн булуң-бурчуна авиаташууларды уюштурсак болот. Эгер биз Баткенге логистикалык борбор курсак, биз миллиарддаган салык алып келип, жарандарыбызды жумуш орду менен камсыз кыла алабыз".

Клара Сооронкулова: "Бул маселе биздин программада абдан кенен каралган. Анткени мен өзүм ушул тармакта көп иликтөөлөрдү алып барып жүрөм. Баштаганда эле УКМКдан баштасак деп турабыз. Биздин программада УКМКны мамлекеттик коопсуздук комитетине айланталы деп жатабыз".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (1)
Kirgiz-
2020-09-29 01:10:47
Эн туура жооп бериптир. Бирок,ошону ишке ашыруу керек да жон эле айта бербей.Муну ишке ашыруу учун оппозиция коп мандат менен Жогорку Кенешке барышы керек.
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан