Борбордук шайлоо комиссиясы 3 партиянын ишенимдүү адамдарын каттады. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
"Ыйман Нуру" партиясынан 3 адамды, "Республика" партиясынан 33 адамды, "Кыргызстан" партиясынан 89 адамды каттады. Бул боюнча кечээ, 28-сентябрда БШКнын жыйынында чечим кабыл алынган.
Парламенттик шайлоо 4-октябрга белгиленген. Ага 16 партия ат салышууда.