Борбордук шайлоо комиссиясы 39 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 28-сентябрга карата БШК дүйнөнүн 31 мамлекетинен 24 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болгон 219 адамды эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү. Алар парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүшөт. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышат.