"Үй-бүлө менен келбөө", "Бет кап менен кол капты чечпөө", "Добуш берүүчү кабинасы пардасыз колдонулат". Шайлоо күнү аткарыш керек болгон талаптар

Шайлоо жана референдум ѳткѳрүү боюнча борбордук комиссиясы жана Саламаттыкты сактоо министрлиги менен биргеликте коронавирус инфекциясынын жайылышына байланыштуу тобокелчиликти алдын алуу максатында атайын алгоритм иштеп чыкты. Бул тууралуу БШКнын басма сөз кызматынан билдиришти.

Алгоритм шайлоо мамлекеттик бийлик органдарына, жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарына жана шайлоочуларга карата бир катар талаптарды ѳзүнѳ камтыйт.

ШАЙЛООЧУЛАРГА СУНУШТАР:

  • УШК (участкалык шайлоо комиссиясы) мүчѳлѳрүнүн бардык талаптарын жана кѳрсѳтмѳлѳрүн сактоо
  • Добуш берүү үчүн орун-жайга кирерде дене табы текшерилип, колдору тазалангандан кийин УШК тарабынан берилген бет кап жана кол каптарды кийүү.
  • Идентификациялоодон ѳтүү убактысын кошпогондо, шайлоо участкасында болгон учурда бет кап жана кол каптарды чечпѳѳ.
  • Добуш берүү жайынан сырткары жана анын ичинде 1,5-2 метр аралыкты сактоо.
  • Шайлоо участогуна бүт үй-бүлѳсү менен келбѳѳ (кезектешип келүү).
  • Жанына балдарды кошо алып келбѳѳ

ДОБУШ БЕРҮҮ КҮНҮ:

  • Добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде «кирүү чыпкасын» уюштуруу:
  • Санитардык-эпидемиологиялык кызматтын контактсыз жол менен шайлоочулардын дене табын текшерүү.
  • Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде дезинфекциялоочу аралашма менен нымдалган килемчени уюштурууну камсыз кылуу.
  • Шайлоочулардын колдорун санитайзер менен же добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде коронавирус инфекциясын алдын алуу чаралары жөнүндө плакат жайгаштыруу.
  • Шайлоо участогунун кире беришинде добуш берүүгѳ катышкандардын бекитилген кирип чыгуу схемасынын болушу.
  • Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары тарабынан шайлоо участогунун аймагында жана добуш берүү үчүн орун-жайдын кире беришинде аралык белгилерин (чийимдерин) камсыз кылуу.
  • Ички иштер органдарынын кызматкерлери тарабынан социалдык аралыктарды жана бет каптарды тагынуунун милдеттүү режимин сактоо жѳнүндѳ шайлоочуларга түшүндүрүү иштерин жүргүзүү.
  • Шайлоо участкасына кирерде шайлоочуларга жеке коргоо каражаттарын (бир жолку бет каптарды жана кол каптарды) акысыз берүү.
  • Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдарынын добуш берүү процесси башталганга чейин добуш берүү үчүн орун-жайды жана бардык үстүнкү беттерди дыкат дезинфекциялоо.
  • УШКнын бардык мүчѳлѳрүн жеке коргонуу каражаттары менен камсыз кылуу.
  • Жѳнѳтүп жаткан уюмдардын байкоочуларды, ЖМК ѳкүлдѳрүн, талапкерлерди жана саясий партияларды жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу.
  • Добуш берүү үчүн орун-жайдын ичинде санитайзердин болушу.
  • Эмеректерди, добуш берүү үчүн кабиналарды жана технологиялык жабдууларды бири биринен 1,5-2 метр аралыкта жайгаштыруу.
  • Шайлоо комиссиясынын мүчѳлѳрү 1,5-2 метрден кем эмес аралыкты сактоо менен жайгаштырылат жана ар бир шайлоочу менен иштеп бүткѳндѳн кийин антисептик каражаттары менен колдорун тазалап чыгышат.
  • Добуш берүүчү кабинасы пардасыз колдонулат.
  • Добуш берүү үчүн орун-жайда же анын жанында коронавирус инфекциясын жуктурууну алдын алуу боюнча сунуштар камтылган маалымат стенддерин жайгаштыруу.

ДОБУШ БЕРҮҮ ҮЧҮН ОРУН-ЖАЙДАН ТЫШКАРЫ ДОБУШ БЕРҮҮ

  • Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жана санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ кызматтары добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгардын алдында комиссия мүчѳлѳрүнүн, байкоочулардын, талапкерлердин, партиялдардын жана ЖМК ѳкүлдѳрүнүн дене табын текшерүүнү камсыз кылат.
  • Жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары шайлоо комиссиялары үчүн берилген транспорттун үстүнкү жумушчу беттерин дезинфекациялоочу каражаттар менен алдын ала иштеп чыгууну камсыз кылат.
  • Орун-жайдан тышкары добуш берүүгѳ чыгып жаткан УШК мүчѳлѳрү үчүн жеке коргонуу каражаттары жана бахилалар.
  • Чыгып жаткан УШК мүчѳлѳрүндѳ санитайзерлердин болушу.
  • Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берген шайлоочуларга акысыз бир жолку кол каптарды жана бет каптарды берүү.
  • Жѳнѳтүп жаткан уюмдар байкоочуларды, саясий партиялардын, ЖМК ѳкүлдѳрүн жеке коргоо каражаттары менен камсыз кылуу.
  • Ар бир шайлоочуга чейин жана ал чыккандан кийин идентификациялоо жана АЭУ (автоматтык эсептөө урна) жабдууларын дезинфекциялоо.
  • Добуш берүү үчүн орун-жайдан тышкары добуш берүү аяктаганда жергиликтүү ѳз алдынча башкаруу органдары жана санитардык-эпидемиологиялык кѳзѳмѳлдѳѳ кызматтары тарабынан УШК мүчѳлѳрүнүн абалын кѳзѳмѳлдѳѳ.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (4)
Belek1710
2020-09-29 13:16:00
Үй-бүлө менен келбесе кызык го, башка адам жокбу шайлоодо. Үй-бүлөсү менен 24 саат бою бирге жүрүп шайлоого келсе ооруп калмак, тооба!
+2
nargiz-sa
2020-09-29 16:11:22
Пардасыз дегени эмнеси анда шайлоочулардын талапкерлерди тандоодогу купуялуулук укугу бузулбайбы
0
ika8086
2020-09-29 16:15:54
Бет капты озубуз мн эле ишеничтуу беткап менен барабыз шайлоого.Рахмат бет кап мн камсыз кылганынар учун аны озунор тагынып отура бергиле.
0
KNAF
2020-09-30 00:55:41
Кудай буюрса БҮТҮН КЫРГЫЗСТАНДЫ колдойбуз прдасы жок болмоктон урнаны бекитип алсаңарда
0
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан