Акан Иманов, "Бир Бол" №13: "Мен парламентке айылдарды өнүктүрүү үчүн баратам!"

"Ааламга жол айылдан башталат. Өлкөнүн калкынын үчтөн экисин түзгөн элеттиктердин бакубатчылыгы, аймактарды өнүктүрүп, дыйкандардын ишин илгерилетүү – мамлекеттин приоритеттүү багыты болушу керек". Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Акан Иманов өзү туулуп-өскөн Ысык-Ата районундагы Нурманбет айылынын эли менен болгон жолугушуу учурунда айтты.

"Журналист катары көбүнчө элеттиктердин, дыйкандардын көйгөйлөрүн чагылдырып жүрдүм. Өзүм да айылда өсүп, кийин Агрардык университетти аяктагандыктан айылдыктардын турмушу, көйгөйлөрү мага жакындан тааныш. “Бөдөнөнү сойсо да касапчы сойсун” дегендей, мен элеттиктердин үнүн жогору жакка жеткирген жана алардын маселелерин кантип чечсе болорун билген эл өкүлү болорума көзүм жеткендиктен парламентке аттандым", - деди талапкер.

Анын айтымында, дыйкандар жайды жайлай маңдай тери менен багып өстүргөн өнүмдөрүн кайда сатам деп башын катырбашы керек.

"Ар бир райондо айыл чарба продукцияларын кабыл алуучу жана кайра иштетүүчү ишканаларды, логистикалык борборлорду ачып, мамлекеттик сатып алууну жөнгө салуу зарыл. Мындан сырткары айыл чарбасында азыркы заманда кирешелүү болуп жаткан тармактарды жайылтуу маанилүү. Мисалы, багбанчылык, мал чарбачылыгында асыл тукумдуулукка басым жасоо. Жаңы технологияларды колдонуу менен өстүрүлгөн мөмө-жемиштерди тигип алектенген дыйкандарга салык, үрөн, жер семирткич жагынан колдоо көрсөтүү аркылуу алардын ишин илгерилетмекпиз", - дейт талапкер.

Ал эң башкы маселе – айылдардын инфраструктурасын жакшыртуу деп эсептейт.

"Аймактардагы ички жолдорду оңдоо, мектеп, бала бакча, ФАП сыяктуу социалдык объектилерди оңдоо жана жаңыларын куруу үчүн мамлекеттик инвестицияларды тартышыбыз керек. Айылдарда эскирген билим берүү, саламаттыкты сактоо системаларында жаңыча көз караш менен өзгөртүүлөрдү киргизип, жаңы жумуш орундарын түзүү үчүн мыйзамдык деңгээлде колдоо керек", - деди Акан Иманов.

Талапкер “Бир Бол” партиясы бул шайлоодо курамына акчасы асман чапчыган көпөстөрдү, 30 жылдан бери бийликтен түшпөгөндөрдү тандабай, иштин көзүн билген, өлкөнү өнүктүрүүгө билими, тажрыйбасы жана эрки жеткен, жүрөктөрү элим-жерим деп соккон таза жана курч жаш лидерлерди топтой алганын баса белгилеп, элди туура тандоо кылууга чакырды.

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2.
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан