“Биримдик” демократиялык социализм – евразиялык тандоо” партиясы кыргызстандыктардын сот тарабынан коргоолууга болгон укуктарынын ишке ашырылуусун конституциялык укуктары деп эсептейт. Биз бул позицияны бекем карманабыз. Бул тууралуу партиянын Жогорку Кеңешке аттанган талапкери Нурдин Тагаев билдирди.
Анын айтымында, Кыргызстандагы демократиялык коомдун өнүгүүсүнүн эң маанилүү тармагы болгон сот системасы бүгүнкү күндө көп суроолорду жаратууда. Нурдин Тагаев бул максатта тѳмѳнкүдѳй чараларды ишке ашыруу зарыл экенин белгиледи:
Талапкердин айтымында, ар бир маселеге тыкыр көзөмөл жана тартипти орнотуу менен гана Кыргызстанды өнүктүрө алабыз. Сот – бул мыйзамды колдонуп чечим кабыл алуучу орган. Сот калыс, адилеттүү болушу шарт. Мыйзамдын талаптарын так, туура колдонуу зарыл. Элдин сотторго болгон ишеничи төмөндөп баратат. “Биздин программада жазылган соттук реформалар толугу менен элдин ишеничин кайтарууга багытталган. Биздин максат - мыйзамдуу жана адилеттүү чечимдерди кабыл алуу”, - деп сөзүн жыйынтыктады.
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү. 29-сентябрь, 2020-жыл. Разаков 4.