"Биримдик" №1. Гүлназ Исаева: "Өлкөдө аялдардын укугу тууралуу мыйзамдарды толук кандуу иштетебиз"

“Биримдик” партиясынын курамындагы талапкерлердин арасында эл жүгүн тартып келе жаткан инсандар аз эмес. Коомдук-саясий турмушта өз орду бар, өлкөнү өнүктүрүүнү, калктын социалдык абалын жакшыртууну жакшы билген бул талапкерлер калк арасында кадыр-барк күтүп, эл батасына татыгандар. Алардын бири, үй-бүлө институтун чыңдоо, аялдардын жана балдардын укугун коргоо жаатында алгылыктуу иш аткарып келе жаткан Гүлназ Исаева. Биз Гүлназ Назарбаевнаны кепке тартып, ат жалында азыноолак маек курдук.

- Гүлназ айым, сизди коомчулук аялдардын жана балдардын укугу үчүн активдүү күрөшкөн адам катары билет.

- Борбордук Азиядагы Аялдар лигасынын түштүк аймагы боюнча жетекчиси катары иштеп, миңдеген энелердин жана балдардын жашоо-турмушу менен тааныштым. Анда дайыма эле биз ойлогондой жакшы жашоо боло бербестиги оркоюп көрүнүп турат. Жоопкерчиликсиз мамиледен улам үй-бүлөлөр бузулуп, балдар тирүүлөй жетим калса, аялдардын моюнуна бүтүндөй үй-бүлөнүн оор түйшүгү, жоопкерчилиги түшүп жатат. Бул өтө өкүнүчтүү. Ошондой эле Аялдар лигасын жетектеп жатып, мен өзүмө эки эсе мүмкүнчүлүктүн эшигин ачтым. Анткени бардык региондор боюнча кайсы ата-эне, кайсы бала жардамга муктаж экендиги маалым болду. Жардамга муктаж, колдоо күткөн үй-бүлөлөрдү тамак-аш, кийим-кечектер менен камсыз кылдык. Андан сырткары биздин лига кайрымдуулук иш-чараларын өткөрүп, чет өлкөгө барып операцияга муктаж болуп жаткан жарандарга акчалай жардам көрсөтө алды. Биздин лига бир эле эмес, бир канча жарандарды камкордукка алып, ошол эле учурда жардам колун сунуп келет. Биздин мындай аракеттерибиз дайыма уланат.

- Коомдук иште жүрүп, эми чоң саясатка аттанып жаткан экенсиз. Бул чечимди кабыл алууга эмне түрткү болду?

- Менин жашоодогу урааным - айткан убадага бекем туруп, аны аткаруу жана адал иштеп, ак сүйлөп элге кызмат кылуу. Саясатка аттанганымдын бир канча себептери бар. Мисалга алсак, биздин өлкөдө жалгыз бой энелерге колдоо көрсөтүү, балдар үйүндө тарбияланган балдарга болгон көмөктөр, аялдардын укугу тууралуу токтомдор, мыйзам-долбоорлор толук кандуу иштебейт жана да бул багыттагы чаралар качан гана бир аял ур-токмокко кабылганда көтөрүлүп, ошол бойдон унутта калып калат. Аялдарга, балдарга болгон зордук-зомбулуктар эч качан көмүскөдө калбай, аны жасагандар катуу жазага тартылышы керек. Ушул чараларды ишке ашыруу үчүн "Биримдик" партиясы менен парламенттик шайлоого аттандым. Бул партиянын программасында мен аткара турган иштер камтылган жана партиялаштарымдын ой-мүдөөсү, партиянын идеологиясы көңүлүмө төп келгендиктен улам "Биримдик" партиясы менен катышууну туура көрдүм. Бир гана программасы эмес, андагы талапкерлердин дээрлик баарынын максаты бир. Ал - өлкөнү өнүктүрүү, элге берген убадаларды аткаруу, элдин чыныгы көйгөйлөрүн чечүү. Андан тышкары Кудай буюруп парламентке барып калсам, көзүм көрүп, көкүрөгүм туюп турган көп иштерди ишке ашырууну көздөп турам. Кыргызстанда көп нерсе реформага муктаж. Жогоруда баса белгилегендей эле, балага болгон жөлөк пул, энелерге болгон камкордук, экономика, энергетика, бажы кызматы, медицина, билим берүү тармагы реформага муктаж. Албетте, булардын баары бир убакытта жасоо татаал процесс. Бирок ага карай жаңыланууга багыт алуу керек.

- Сиздин пикириңизде эл өкүлү кандай болушу керек?

- Ооба. Бул суроо азыр абдан актуалдуу болуп турат. Азыр депутаттык мандаттын маңызын түшүнбөй эле депутат болобуз дегендер толтура. Биринчиден, ал элдин өкүлү. Ал элдин көйгөйүн билип эле койбостон ошону чечүүнүн жолдорун билүүсү кажет. Жоопкерчиликсиз адамдардын айынан Жогорку Кеңешке болгон элдин нааразычылыгы күчөп жатат. Элдин колдоосу менен келип жаткандан кийин алардын камын ойлоп, ишенимине ээ болуу абдан маанилүү.

«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан