"Замандаш" партиясы Теңир-Тоодо

Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин шайлоонун үгүт иштерине 4-сентябрда старт берилди. «Замандаш» партиясы үгүт кербенин ак бата менен жолун улап, партия лидери Жеңиш Молдокматов баштаган өкүлдөр ыйык Чеч-Дөбөгө барып зыярат кылышып, 13 жылдан бери ишмердүүлүгүн жүргүзүп келген "Замандаштын" негиздөөчүсү Мухтар Өмүракуновдун үйүндө куран окутулду.

1. «Замандаш» партиясы үгүт иштерин эң алгач Ак-Талаа районунун эли менен жолугушуп, ак батасын алып, чоң жарышка аттанды. «Замандаш» партиясынын лидери Жеңиш Молдокматов башында турган талапкерлерди касиеттүү Ак-Талаанын эли, ак сакалдуу аталар, ак элечек апалар, атпай кыргыз журтуна таанымал таланттуу уул-кыздары баш болгон жергиликтүү эл жогорку деңгээлде кадырлап тосуп алышты. Жолугушууда Жеңиш Молдокматов партиянын басып өткөн жолу, бүгүнкү аткарып жаткан иштери жана келечек пландары жөнүндө элге кенен маалымат берди. Жергиликтүү эл өз уулуна жүрөктөн чыккан жылуу сөздөрү менен алкап, астына аргымак мингизип, ак жол тилеп, ак баталарын берип узатышты.

2. «Замандаш» партиясынын талапкерлери Нарын облусунун Ат-Башы районунда үгүт иштерин улантышты. Бул күнү алар Мухтар Өмүракуновдун туулуп-өскөн айылы Калининге да барышты. Тургундар талапкерлерди жылуу тосуп алышып, алардын программасына кызыгышты. Элет жерин кыдырып жүргөн талапкерлер Мелис Турганбаев, Чынара Шейшекеева, Алмаз Акматов, Айбек Жайлообаев "Замандаш" партиясынын 7 багыты боюнча кенен маалымат беришип, алдыга койгон максаттарын айтып беришти. Тургундар элет жериндеги чечилбей келген көйгөйлөрдү көтөрүшүп, партия шайлоодо жеңишке жетишсе, аларды чечип берүүнү суранышты. Талапкерлердин эмгектерин угуп, көрүп жүргөн ак сакалдар аларга ыраазычылыгын билдиришип, ак баталарын беришти. Бул күнү жерди трансформациялоо маселеси эң көп көтөрүлдү.

3. «Замандаш» партиясынын талапкерлери Нарын облусунун Нарын районун кыдырышты. Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкерлер Нарын шаарында Афган согушунун, Баткен окуясынын, чек ара кызматынын жана Ички иштер кызматкерлеринин ардагерлери менен жолугушту. Ардагерлер талапкерлерге өздөрүнүн көйгөйлөрүн айтышып, ак батасын беришти. Андан соң аталган топ Эмгекчил, Кара-Чий, Жерге-Тал, Эмгек-Талаа, Куланак, Чет-Нура айылдарында болушуп, "Замандаш" партиясынын программасы менен тааныштырышты.

4. Эмгекчил айылындагылар Мелис Турганбаевдин Солтон-Сары кениндеги чет өлкөлүк алтын иштетүүчү компаниянын ишин токтотуу үчүн чыккан чырда жашоочулар менен жолугуп, анын тынч чечилишине шарт түзгөнүн да эскеришти. Нарындыктар Алмаз Акматовдун да буга чейин VI чакырылышта жасаган эмгектери үчүн ыраазычылык билдиришип, ак жол каалашты. Алардын айтуусунда, ал бир катар айылдарга таза суу чыгаруу, мектеп салуу, насостук станция куруу, автоунаа маселесин чечүү, мектепке жылуулук системасын киргизүү боюнча иштердин бүтүшүнө салым кошкон. Элеттиктер "Замандаш" партиясынын дайыма эл менен байланышта болуп келгенин айтып, алар Жогорку Кеңешке барса, эл көйгөйүн чечет деп ишенерин билдиришти.

5. Кезектеги үгүт кербен Нарын шаарындагы М.Рыскулов атындагы облустук академиялык, музыкалык драма театрында болду. Жолугушууга талапкерлер Мелис Турганбаев, Алмазбек Акматов, Жолдошбек Мамбеталиев, Асылбек уулу Бакай, Бакыт Жумагулов катышты. Алар "Замандаш" партиясынын тарыхы, программасы менен тааныштырышты жана алдыга койгон максаттарын айтып беришти. Андан кийин жолугушуу суроо-жооп түрүндө өтүп, тургундар ар түрдүү көйгөйлөрдү көтөрүштү.

6. "Замандаш" партиясынын талапкерлери Нарын облусунун Кочкор районунун тургундары менен да жолугушту. Талапкерлер «Замандаш» партиясы шайлоого тажрыйбалуу инсандар менен бара жатканын билдиришип, алардын катарында дарыгерлер жана мугалимдер да бар экенин айтышты жана партиянын багыттары боюнча элге кенен маалымат беришти.

7. "Замандаш" партиясынан талапкерлер Ильич Кулназаров жана Тимур Саралаев Жумгал районундагы айылдарга барып, үгүт кампаниясынын алкагында эл менен жолугушту. Жолугушуунун соңунда Теңир-Тоолуктар "Замандаш" партиясына ак жол каалап, ак сакалдар ак батасын беришти.

"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 29-сентябрь, 2020-жыл.

"Замандаш" партиясынын үгүт иштери Нарын облусунда уланууда
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан