Чынар Капарова: “Парламентке келе элек жаңы адамдар “Бир Болдо”

“Кыргызстанга чукул бурулуш жасаш керек. Бул илимдин, билимдин, жаңылануунун бурулушу болуш керек. Мына ушул кадамды биздин партия жасай алат”. Бул тууралуу “Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Чынар Капарова өзү туулуп-өскөн Ат-Башы районунун эли менен болгон жолугушууда айтты.

“Мен Ат-Башынын суусун ичип, абасын жутуп, ушул жердин таалим-тарбиясын алган кыз катары региондо кандай маселелер бар экендигин жакшы билем. Мен бала кезде эле Ат-Башыга бала бакчалар жетишчү эмес. Бул район үчүн абдан чоң маселе. Ошондой эле социалдык көйгөйлөр, аймакты өнүктүрүү, чек араларды бекемдөө маселелери бар. Мындай алыскы райондун маселелерин чече турган багыттар “Бир Бол” партиясынын программасында камтылган”, - деди талапкер.

Ошондой эле Чынар Капарова партиянын программасында “Бир үй-бүлөдөн бир ишкер” бөлүмү камтылганын баса белгиледи.

“Ат-Башы району мал киндиктүү болгондуктан чыгарылган продукцияны иштетүү керек. Эт комбинаттарын кайрадан ишке киргизүү мезгили келди. Өзүнүн чыгарган продукциясын иштетүү менен ар бир үйдөн бир ишкер чыкса, калктын жашоосу алда канча жакшырмак”, - деди талапкер.

Бир Бол № 13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 29-сентябрь.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан