Борбордук шайлоо комиссиясы парламенттик шайлоого чыгымдардын сметасына өзгөртүүлөрдү киргизди. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, мындай чечим кечээ, 29-сентябрда БШКнын жыйынында кабыл алынган.
"4-октябрга дайындалган Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоону даярдоого жана өткөрүүгө чыгымдардын сметасын бекитүү жөнүндө" токтомуна өзгөртүүлөрдү киргизүү жөнүндө чечим кабыл алды. Анда 1-пункттагы "447 миллион 726 миң 500" деген сөздөр "449 миллион 583 миң 700" деген сөздөргө алмаштырылды. Шайлоону даярдоо жана өткөрүү үчүн чыгымдардын сметасын 1 миллион 857 миң 200 сом өлчөмүндө бекитти", - деп жазылат маалыматта.