Бажыдагы текшерүү 90 секундда. "Бир Бол" коррупция менен кантип күрөшөт?

"Бир Бол" партиясы бажы пункттарында товарларды текшерүүдө көзөмөл-өткөрмө процессин автоматташтырып, бажы кызматкерлеринин санын азайтууну сунуштайт.

Кыргызстанда мамлекеттин казынасынан бир тыйын коротпой, 90 секунд ичинде “растаможка” кылууга мүмкүнчүлүк түзө турган реформаны кантип ишке ашырса болот?

- Бажы кызматы менен салык кызматы бириктирилет.

- Бажы кызматындагы кызматкерлердин саны азаят.

- Бардык чек ара пункттарында мамлекеттик-жеке өнөктөштүктүн негизинде эл аралык инвестор тарабынан “3D рентген-тоннелдер” курулат.

- Чек арадагы операторлор мамлекеттик-жеке өнөктөш инвестор тарабынан ишке алынат.

- Бардык фуралар 90 секунд ичинде рентгенден өтөт.

- Ал жерде алынган 3D сүрөттөр жана электрондук декларациялар Бишкектеги диспетчердик борборго ошол эле учурда жөнөтүлөт.

- Бажы кызматкерлери айдоочу жана жүктүн ээси менен беттешпейт, Бишкектеги Көзөмөлдөө борборунан туруп эле 3D сүрөттүн декларацияга дал келип-келбегенин 1 мүнөт ичинде тастыктайт.

- 90 секунд ичинде “тоннелден” өтүп, декларациясы тастыкталган айдоочу, бажы кампасына барбай туруп, жүгүн өзүнүн кампасына түшүрөт.

- Бажы салыгын 10 иш күн ичинде банк аркылуу которот.

“Бир Бол” №13 – парламенттеги сиздин үнүңүз!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 30-сентябрь.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан