"Шайлоо башталганда пайда болосуз, кайра 5 жыл жоголосуз же сизге дебат кызыкпы?" Партиялардын лидерлери бири-бирине суроо беришүүдө

"Ыйман-Нуру" партиясынан "Бир бол " партиясына суроо: "Партиянын аталышын түшүндүрүп берсеңиз? Жооп: "Ыйман жоопкерчилик, ишеним дегенди билдирет".
"Динде 5 багыт бар. Ыймандуулук бул жүрөк менен. Партиянын атын ушундай атап, ар кандай нерсе болгондо шек келтирип алабыз деп коркпойсуңарбы?" Жооп: "Кээде сен каалабагандай болуп калат. Биз ыймандуубуз, тазабыз дегенден Кудай сактасын. Атыбызга затыбызды жараштырганга аракет кылабыз".
"Балдарыбыз ыймандуу болуш үчүн мектептен башташ керек. Буга кандай карайсыңар?" Жооп: "Светтик өлкөбүз. Бирок ошол эле Америкада дин таануу сабактары кирет. Ошол үчүн бул маанилүү. Рахмат, келечекте сиз экөөбүз иштешет окшойбуз".
“Бир Бол” партиясынан “Кыргызстан” партиясына суроо: “Сиздер өндүрүш, ишкерлик боюнча басым жасап жатасыздар. Жогорку Кеңеш эмне иш кылышы керек?” Жооп: "Жогорку Кеңеш биринчи кезекте мыйзам чыгаруучу орган. Биз тишибиз ооруса тиш дарыгерине барабыз. Өндүрүш боюнча тажрыйбабыз бар. Бул туура мыйзамдарды жазууга чоң жардам берет. Бул мактана турган нерсе. Биз чоң салымды жасап жатабыз. Чечүү жолдорун көрүп жатабыз. Биздин мамлекетке тажрыйба керек".
"Мекен-Ынтымагы" партиясынан "Республика", "Кыргызстан", "Бир бол" партияларына суроо: "Азыркы учурда, партиянын лидерлери, 4-жолу депутаттык шайлоого аттанып жатасыңар. Силердин моралдык жактан депутаттык шайлоого аттанууга укугуңар барбы?
"Бир бол" партиясынан жооп: "Мен 30 жылдын акыркы 10 жылында депутаттык кызматты аркалаган кызматкер жана өзүм ушул системдин курмандыгы, туткуну болгон катары 100 системдин 97си жаңы жүздөр. Заманбап билимге ээ болгон өзүнүн тармактарында ийгиликке жеткен адамдарды алып кетип жатам. Мен ушуларды алып барып, тарыхый миссиям эскирген системди жаңылоо, түп тамырынан бери жок кылуу. Жаңы Кыргыз өлкөсүнө татыктуу келечекти арноо. Сиз айтышыңыз мүмкүн "эмне үчүн аны убагында жасаган жоксуз" деп, аны жасагандарга аракет кылгандардын бири менмин, жалгыз болбосом дагы биз азчылык болуп келдик. Качан болсо, биз кнопкадан утулуп келдик. Сиз айтып жаткан сунуштарды биз сунуштаганбыз. Форма-2ге каршы чыккандардын биримин. Каршы добуш дагы бергем. Мына бүгүн форма-2нин азабын көрүп жатабыз".

"Бир бол" партиясынан "Мекен-Ынтымагы" партиясына суроо: "Сиз дагы парламенттик шайлоого 2-3 жолу аттанып жатасыз. Сиздин программаңызды көргөн дагы, уккан дагы жокмун. Сиз шайлоого эмне максат менен бара жатасыз? Же сизге дебат эле кызыкпы? Шайлоо башталганда пайда болосуз, анан 5 жыл жоголосуз". Жооп: "Өзүңөр системге каршы чыгам деп айттыңар. Анан бардыгын курмандыкка чалып жаткан системге кирип мен эми жинди эмесмин да. Ошо башка коомдук кызыкчылыкты коргой турган системди программа түрүндө жазып, элге ошонун маанисин жеткирүүгө аракет кылып келе жатам. Программа боюнча сиз БШКнын сайтын ачсаңыз бардыгы толук илинип турат. Программанын ичинде бардык маселелер бар. Аны сизге китеп кылып деле берүүгө даярмын".
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
al-abu-kinesz
2020-09-30 23:36:58
Баары эле илгери жакшы иштегем, адилетсиздикке каршы чыккам бирок азчылык болуп калганбыз дейт эй, деги бир копчулуктун катарынан келгендер барбы озу? Уятсыздар, эмки, андан кийинки шайлоолордо да бир эле дискти айланта бересинер, эч уялбай койдунар го.
+4
Talantus
2020-10-01 07:58:38
al-abu-kinesz,элге акыл кирбесе мындайлар боло берет жана толтура
+2
VENOM
2020-10-01 16:35:35
Мекен Ынтымагы партиясын колдойм
-1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан