Борбордук шайлоо комиссиясы 55 эл аралык байкоочуну аккредитациядан өткөрдү. Бул тууралуу аталган комиссиянын басма сөз кызматынан билдиришти.
Маалыматка ылайык, 30-сентябрга карата БШК дүйнөнүн 41 мамлекетинен 33 эл аралык уюмдардын өкүлдөрү болгон 274 адамды эл аралык байкоочу катары аккредитациядан өткөрдү. Алар парламенттик шайлоого байкоо жүргүзүшөт. Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышат.