Белгилүү саясатчы Бөдөш Мамырова, "Мекеним Кыргызстан" саясий партиясынан депутаттыкка талапкер

Кыргызстанга белгилүү коомдук жана депутаттык ишмердүүлүгүндө Бөдөш Мамырова аялдардын бизнес жана саясий чөйрөгө аралашуусуна кеңири мүмкүнчүлүктөрдү түзүп берүүгө багытталган мыйзамдарды демилгелеп, Жогорку Кеңешке алып чыккандыгы менен элдин эсинде кала алды. Так ушул кыргыздын чыгаан айымы Бөдөш Мамырова учурда “Мекеним Кыргызстан” саясий партиясынан депутаттыкка аттанып, саясатка кайрадан кадам таштады.

Бөдөш Мамырова калктын аярлуу катмарын колдоого багытталган көптөгөн социалдык маселелерди чечүүгө арналган мыйзамдарды кабыл алууда жигердүү иштеди. Ошол эле учурда Бөдөш Мамырова “Аял укугун коргоо” деген туунун алдында Батыштан каржыланган бейөкмөт уюмдарга берилген каражаттар максатсыз жумшалып жаткандыгын сындап, мындай иш-аракеттер келечекте үй-бүлө институтуна да кедергисин тийгизерин көп жолу айткан саналуу гана депутаттардын бири болгон.

ММКга берген көптөгөн маектеринде “Аялдардын укугу” демиш болуп, түпкү стратегиялык максаты такыр башка күчтөр бар экендигин ашкерелеген, бул жааттагы көптөгөн актуалдуу маселелерди ачык айткан. Бөдөш Мамырова аялдардын укугун алга сүрөгөн мындай уюмдардын либералдуу идеологиясы салттуу маданиятты карманган коомго өөн көрүнүш экендигин көп жолу айтып чыккандыгы эсибизде. Эгер айрым бейөкмөтчүлөрдүн жетеги менен кыргыз коому кете берсе көптөгөн үй-бүлөдө конфликттер жараларын, аялдардын укугу жана гендер маселелерин калктын жалпы жашоо шартын жакшыртуу жолу менен гана чечүүгө болорун баса белгилеген.

Аялдар маселеси менен иштеген коомдук уюмдардын баарын эле бир беткей сындай бербей, аялдарды кесиптик өнөр-ыктарга үйрөтүүгө багытталган иштер менен алектенгенин колдоого алган.

Ошону менен бирге Бөдөш Мамырова Кыргызстандагы аялдардын зордук-зомбулукка учурашына каршы экендигин айтып, бул көрүнүштөргө бөгөт болчу иш-чаралар кээде гана өткөрүлүп калбастан, зомбулукка каршы күрөш укук коргоо органдары жана жарандык коомдун эриш-аркак аракети менен дайыма туруктуу жүргүзүлүүсүн талап кылып, чындыкты чыркыратып айтып келген.

4-октябрда 4-орунда турган “Мекеним Кыргызстан” партиясына добуш бериңиз. Биз мекенди сөз менен эмес, иш менен сүйөрүбүздү далилдейбиз.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан