Толкунбек Исаков: "Жөнөкөй жарандарга жашоо ыңгайлуу болуш үчүн мен өзүмдүн турмуштук тажрыйбамды, акылымды, өлкөдөгү жашоону жакшыртуу үчүн болгон потенциалды колдонгум келет"

Бүгүнкү күндө Кыргыз өлкөсүндө 180 миңден ашуун ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдар жашайт. Алардын көпчүлүгү шаарды кыдырмак турсун, өз үйлөрүнөн чыга албай жатышат. Айрымдары гана активдүү жашоо образын жүргүзүшөт, алар өз укуктарын коргошот. Ошолордун бири Толкунбек Исаков. Бала кезинде ал көзү көрбөй калган, бирок бул ага Кыргыз мамлекеттик университетинин юридикалык факультетин аяктап, андан кийин кандидаттык диссертациясын коргоого тоскоол болгон эмес.

Жыйырма жылдан ашуун убакыттан бери ал Кыргыз жарандарынын кызыкчылыгын коргоп, бүткүл өлкө боюнча майыптардын укугун коргоп келет. Бүгүнкү күндө Исаков Майыптардын укугун коргоо комитетин жетектейт. Мындан тышкары ал спорт менен машыгат, Армрестлинг федерациясынын вице-президенти. Эки жылдын ичинде Азия чемпиондугунда төрт алтын медалды жеңип алды.

Маектеринин биринде Толкунбек Исаков коомдук иш-аракеттер менен алектенип, ден соолугунун мүмкүнчүлүгү чектелген адамдардын укугун коргоп жатып, алардын жашоосун жакшыртууга багытталган ар кандай маселелерди көтөрүп чыккандыгын белгилеген. "Мен шайлоого "Мекеним Кыргызстан" менен бара жатам, анткени бул жаш саясий уюм. Бул жерге негизинен жаңы жүздөр, жаңы күчтөр, чыныгы кесипкөйлөр чогулушту. Партиядагы команда мамлекеттин саясий жана экономикалык турмушуна олуттуу салым кошо алат, республикабызды өнүгүүнүн жаңы баскычына көтөрөт деп ишенем. Жөнөкөй жарандарга жашоо ыңгайлуу болуш үчүн мен өзүмдүн турмуштук тажрыйбамды, акылымды, өлкөдөгү жашоону жакшыртуу үчүн болгон потенциалды колдонгум келет", - деп айткан ал.

Буюртма каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүл Джайчиева Гулбарчин Эр Турсуновна тарабынан «Мекеним Кыргызстан» партиясынын атайын шайлоо фондунун эсебинен каржыланды. Юридикалык дареги: Кыргыз Республикасы, Бишкек шаары. Турусбеков көчөсү, 109/1. 510-кабинет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан