«Замандаш» партиясы Сары-Өзөндө

«Замандаштын» кезектеги үгүт кербени Кеминде, Кара-Балтада, Кантта, Сокулукта уланды. Чүй облусунун тургундары менен жолугушууга Чынара Шейшекеева, Искендер Гаипкулов, Айсулуу Мамашова, Гүлнара Мамбетсеитова, Жакшылык Матанов жана Ильяс Суванов барышкан.

Алар элге партиянын максаттарын айтып беришип, «Замандаш» партиясынын Жогорку Кеңешке талапкерлери эмне үчүн бул партияны тандап алгандыктарын мындайча билдиришти.

Искендер Гаипкулов:

- Элдин арасында VI чакырылыштын депутаттарына карата ар кандай нааразычылыктар болуп жатат. Бул нерсенин баары эмнеден келип чыкты? Убагында ар кайсы партиялар көпөстөрдү, акчалуу адамдарды катарына мүчө кылып, алардын кесипкөйлүүлүгүнө карабай кошуп алгандыктан нааразычылыктарга дуушар болушту. «Замандаш» партиясы андай партияларга кирбейт! «Замандаш» кесипкөй адамдарга мол, айтылган программасын так аткара турган партия болуп эсептелинет.

Ошондой эле Искендер Гаипкулов «Замандаш» партиясы башкалардан айырмаланып, талапкерлердин тизмеси дыкат текшерилип, ар бир талапкердин кесипкөйлүүлүгүнө жараша тандалгандыгын, илимге салымын кошкон инсандар партиянын тизмесине кошулгандыгын билдирди.

Чынара Шейшекеева Кеминдин тургундарынан «Замандаш» элдик партия экендигин, партия түзүлгөндөн бери эл менен чогуу болуп келгендигин кошумчалады.

- Биз силердин үнүңөрдү жеткизели деген үмүт менен шайлоого аттандык, «Замандаш» партиясы таза партия деп мен ачык айта алам, анткени жүзүбүз жарык. Кыргызстандыктардын чет жерде жүрүп кыйналгандарын көрүп, буга чейинки кылып келген аракеттерден да масштабдуу иштерди чечүү үчүн бара жатабыз.

Айсулуу Мамашова "элиме кызмат кылам деген адам кооз сөздөрдү, куру убадаларды бербей, айтканын аткарышы абзел. Мен «Замандашты» ушул сапатка төп келгендиги үчүн тандап алдым" деп баса белгиледи.

Жакшылык Матанов мактанган партияны тандабаганын, пандемия учурунда ар бир ишин элге жарыялабаган партия «Замандаш» партиясы экендигин, партиянын лидери жолдо калган мекендештерди өз унаасын сатып, өз мекенине кайтарганы башкаларга үлгү болушу керектигин белгиледи.

Жергиликтүү тургундар партиянын мигранттарга көрсөткөн колдоосу үчүн «Замандашты» колдой турганын билдиришти.

Москва районунун Беловодск айылынын тургундары менен жолугушууда Гүлнара Мамбетсеитова саламаттыкты сактоо жаатындагы көптөгөн көйгөйлөрдү чечүү үчүн «Замандашта» кесипкөй адамдар арбын экенин баса белгиледи.

Ал:

- Мен саламаттыкты сактоо министрлигинде 27 жылдан бери эмгектенип келем, менин оюмча, биздин партиядагы адамдардын өзүнүн коомдогу салмактуу орду бар, оор кырдаалдан чыгара турган инсандар «Замандаш» менен аттанышты. Парламентке биздин талапкерлер өлкөнү өзгөртүш үчүн бара жатат. Пандемия өлкөнүн Саламаттыкты сактоо министрлигинин системасы алсыз экенин көрсөттү. «Замандаш» партиясы өзгөчө жаштар менен бирге иштешип, мигранттарга жардам берип келет. Эл 5 жылда өлкөнүн тагдырына добушун берет, урматтуу элим, бардыгыңыздар кайдыгер карабастан шайлоого катышып, татыктуу партияга добуш бериңиздер - деди.

Ильяс Суванов айлана-чөйрөнү коргоо «Замандаш» партиясынын программасынын маанилүү компоненттеринин бири экенин белгилеп, билим берүү системасында чоң реформаларды жасаш керектигин айтып өттү.

Сары-Өзөндүн эли партияга ыраазычылыгын айтышып, «Замандашты» шайлоодо колдоп берерин билдиришти.

"Замандаш» СПнын шайлоо фондунан төлөндү (р/счет 1299007840003393) каржы суроолору боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Абылова Г.Б. Буюртма партиянын маалыматтык штабы тарабынан даярдалган. Бишкек ш., Логвиненко, көч.12 үй. Чыгарылган күнү 1-октябрь, 2020-жыл.

"Замандаш" партиясы Сары-Өзөндө
РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан