“Кыргызстан” партиясы №15: Туура тандоо жаса!

4-октябрь күнү өтө турган парламенттик шайлоонун үгүт иштери аяктап калды. Үгүт өнөктүгү учурунда ар бир партия шайлоочуларга өзүнүн программаларын тааныштырып, өлкөнүн бардык аймагында эл менен жолугушууларды өткөрүп келишти. Эми ар бир шайлоочунун алдында мамлекеттин өнүгүшүнө салым кошо алган татыктуу партияларды тандоо милдети турат.

Шайлоого аттанган татыктуу партиялардын бири - бул “Кыргызстан” саясий партиясы.

Биз бүгүн “Кыргызстан” партиясынын артыкчылыктары жана өзгөчөлүктөрү тууралуу айтып беребиз.

БИЗ туруктуу партиябыз

2015-жылы парламенттик шайлоодо жеңишке жетип, парламентке келген 6 партиянын айрымдары бүгүнкү күндө чачырап кетишти. Ал эми айрым фракциялардын мүчөлөрү башка партиялардын тизмесине кирип парламентке келүүнү көздөшүүдө. 5 жыл мурун биринчи жолу парламентке келген “Кыргызстан” фракциясынын 18 депутатынын ичинен 14 депутат кайрадан партиянын катарында шайлоого аттанышты. Бул туруктуулуктун жакшы көрсөткүчү. Демек, “Кыргызстан” партиясы бүгүнкү партиялык системанын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошууда.

БИЗДИН команда өндүрүш кызматкерлеринен жана тажрыйбалуу башкаруучулардан куралган

“Кыргызстан” партиясы өлкө аймагында жүздөгөн ишкана куруп, экономиканын өнүгүшүнө зор салым кошкондугу менен айырмаланып турат. Партиянын катарында ишмердүүлүктүн ар кандай тармактарында ийгиликтерге жетишип, өлкө жарандарын миңдеген жумуш орундары менен камсыз кылган талапкерлер бар. Партиянын катарындагы ал талапкерлер KazGrain ун өндүрүүчү заводу, “Аю Фарм” фармацевтикалык заводу, жашылча өстүрүүчү күнөскана комплекси, “Алия” макарон азыктары, “Касиет” фабрикасы, “Tokmok Буллс”, “Эл сүт”, “Artezian”, “Golden Sun”, Kav&Kev сыяктуу ишканаларды уюштуруп, ишке киргизишти. Ошондой эле алдыда көптөгөн башка заводдор, компаниялар, фабрикалар, өнөр жай, курулуш компаниялары жана башкалар долбоорлонуп, курулуп, ишке киргизүүнүн алдында турат.

БИЗ берген убадаларыбызды аткарабыз

“Кыргызстан” партиясы 2020-жылдагы шайлоого “Эл үчүн” аттуу жаңы программасы менен баратат. Ага экономика, социалдык чөйрө, мамлекеттик башкаруу, маданият, билим берүү, тышкы саясат жана коопсуздук сыяктуу тармактарды реформалоо, өнүктүрүү кирет. Пландалган өзгөрүүлөр жөнөкөй жарандардын жашоосуна оң таасирин тийгизет. Партиянын 2015-жылдагы шайлоо алдындагы эң эсте калган убадаларынын бири жаңы төрөлгөн ымыркайга бир жолу төлөнүүчү 50 миң сом “сүйүнчү пул” төлөп берүү болгон. Бирок экономикадагы көйгөйлөр менен байланышкан бюджеттеги тартыштыктын айынан аны толук аткаруу мүмкүн болгон жок. Ошого карабастан, биздин партиянын аракети менен 2018-жылдын 1-январынан тарта Кыргызстанда ар бир төрөлгөн балага 4 миң сом төлөнө баштаган. “Кыргызстан” партиясы алдыдагы шайлоодо өз максатынан баш тартпайт. Жаңы төрөлгөн балага сүйүнчүнүн өлчөмүн 50 миң сомго чейин жеткирет.

БИЗ туруктуу элдик колдоого ээбиз

2010-жылы түптөлгөн “Кыргызстан” саясий партиясы 2015-жылы биринчи жолу парламенттик шайлоого катышып, 200 миңден ашык шайлоочунун добушуна ээ болгон. Анын 40 миңден ашыгы партиянын расмий мүчөсү.

Андан кийин 2016-жылкы жергиликтүү кеңештерге шайлоодо республикалык деңгээлде экинчи орунду ээлеген. Бул жылдан-жылга партияга болгон элдин ишеними жогорулап, партияга берген добуштарынын да саны өсүп жатканын далилдейт. Демек, “Кыргызстан” партиясы системалык түрдө партиянын түптөлүшү менен алектенип, ар бир райондо, айыл өкмөттө партиянын өкүлчүлүгү болгондой иш-аракеттерди алып барууда. “Кыргызстан” партиясы жөн гана шайлоо алдында пайда боло калган партиялардай болбой, байма-бай эл менен жакындан иштешип, жер-жерлерде тамырлашып, системалык түрдө ишин алып барууда.

ӨКМӨТТҮ жетектөөгө биздин тажрыйбабыз жана эркибиз жетиштүү

“Кыргызстан” саясий партиясы Жогорку Кеңештин VI чакырылышына өткөн күндөн тартып жоопкерчиликтен качпай, өз милдетин так аткарып, мыйзам чыгаруу бийлигин жана көзөмөлдөөчү функцияларын өз ыйгарым укуктарынын чегинде аткарып келди.

“Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү аткаруу бийлигинин жогорку кызматтарында, бир катар министрликтерге жана мамлекеттик комитеттерге жетекчи болуп, мамлекеттик башкарууга активдүү аралашып келишет. Тажырыйбалуу адамдардан турган “Кыргызстан” партиясы парламентке келсе, көпчүлүк коалициянын курамына кирип, өкмөттү түзүүгө жана жетектөөгө даяр.

БИЗ бир идеянын алдына чогулган ынтымактуу партиябыз

Акыркы 5 жыл ичинде башка партияларда же партиялардын Жогорку Кеңештеги фракцияларында бөлүнүп-жарылуу окуялары көп болду.

Бир топ депутаттардын позициясы партия менен фракциянын максатына каршы келет делип таптакыр сыртка чыгарылган. “Кыргызстан” партиясында мындай көрүнүш болгон жок. Партиясынын мүчөлөрү бир максат жана идеянын алдында чогулушкан.

БИЗ жеңишке умтулган партиябыз

“Кыргызстан” партиясы өзүнүн так идеологиясы, уюштуруучулук негизи жана өзүнүн туруктуу элдик колдоосу бар алдыңкы саясий күч экендигин көрсөттү. Баардык жагын эске алганда, “Кыргызстан” партиясынын шайлоо жарышында алдыга чыгууга жана жеңишке жетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар.

***

Урматтуу шайлоочулар 4-октябрь күнү өтө турган шайлоонун жыйынтыгы менен өлкөбүздүн келечеги аныкталат. Андыктан, ар бириңиздер парламенттик шайлоого катышып, туура тандоо жасаңыздар!

Сиздер “Кыргызстан” партиясына добуш берүү менен мыйзамдуулукту жана адилеттүүлүктү бекемдөө, өлкө экономикасын өнүктүрүү, жаңы ишканаларды түзүү, натыйжасыз чиновниктердин санын кыскартуу, коррупцияны жок кылуу сыяктуу максаттарыбызды ишке ашырууга салым кошосуздар.

Андыктан өзүңүздүн добушуңузду жаратман “Кыргызстан” саясий партиясына бериңиздер!

Кыргызстан партиясы №15: Элдин жыргалчылыгы - жалпы мамлекеттин жыргалчылыгы!

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 1.10.2020)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан