Айжан Чыныбаева, “Бир Бол” №13: “Бир Бол” партиясынын курамы башка партияларга үлгү болду”

“Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Айжан Чыныбаева бүгүнкү экологиялык акцияда “Таза шайлоо - таза жашоо” деген ураан менен үгүт иштери жемиштүү жыйынтыкталгандыгын айтты.

“Эл өзгөрүүлөрдү, жаңы жүздөрдү көргүсү келет. Биздин партиянын курамында билимдүү, тажрыйбалуу, кесипкөй жаңы жүздөр чогулган. Алдыда жакшы долбоорлорубуз бар, аларды ишке ашырууга болгон күч-аракетибизди жумшайбыз”, - деди Айжан Чыныбаева.

Ошондой эле ал “Бир Бол” партиясынын курамы башка партияларга үлгү болгонун кошумчалады.

“Биз жаш талапкерлерди көрсөткөндө, башка партиялар дагы жаш, ийгиликтүү жаштарды издеп башташты. Биздин партиянын курамы сапаттуу экенин көрсөтүп, башка партияларга үлгү болду. Ооба, ийгиликтүү, бизнесмен, коомдук ишмер катары калыптанган адамдар “Бир Болго” биригип, Кыргызстандагы абалды өзгөртүүгө кадам ташташты. Ар бириңиздерге алдыга кадам таштап, пикирлештериңизди колдоого чакырам. Бир болгондо гана ийгиликтерге жетише алабыз”, - деди талапкер.

Айжан Чыныбаева элди шайлоого келип, добуш берүүгө чакырып өттү.

“Эгерде биз өнүккөн Кыргызстан тууралуу кыялдансак, анда келечегиңерди сатпагыла. Оюңарды, тандооңорду өзгөртүүгө жол бербегиле. Эң башкысы иштин көзүн билген татыктууларга добуш бериңиздер”, - деди Айжан Чыныбаева.

1-октябрда “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү келишти.

“Бир Бол”, №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 1-октябрь.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан