Белгилүү инсандар “Кыргызстан” партиясы тууралуу эмне дейт?

"Кыргызстан" партиясынын билдирүүсүнө караганда шайлоого аттанган 16 партиянын ичинен 3 партия фаворит катары саналууда. Алардын бири – «Кыргызстан» саясий партиясы. Анткени "Кыргызстан" партиясы өзүнүн так идеологиясы жана туруктуу электораты менен өзгөчөлөнүп турат. Муну эске алганда, шайлоо жарышында ийгиликке жетүүгө толук мүмкүнчүлүгү бар.

Жогорудагы айтылгандарды бекемдеш үчүн, коомчулукка белгилүү инсандардын “Кыргызстан” партиясы тууралуу ой-пикири жана каалоо тилектерине орун берели.

Мурдагы өкмөт башчы Амангелди Муралиев:

“Кыргызстан” саясий партиясынын мүчөлөрү Жогорку Кеңештин VI чакырылышына келген күндөн тартып жоопкерчиликтен качпай, мыйзам чыгаруу жана көзөмөлдөөчү функцияларын өз ыйгарым укуктарынын чегинде так аткарып келишти.

Ошондой эле бул партия туруктуулугун көрсөтүп, бүгүнкү партиялык башкаруу системасынын өнүгүшүнө өзгөчө салым кошо алышты. “Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев жер-жерлерде шайлоочулар менен жолукканда реалдуу ураан менен чыгып, ишке аша турган программаны сунуштап жатат. Негизинен элдин кызыкчылыктарына шайкеш келе турган, экономикалык жана социалдык жактан маанилүү болгон көптөгөн жакшы сунуштарды айтып жатат. Эгер “Кыргызстан” партиясы парламентке келсе, тараза болот. Парламент салмактуу болот деген ойдомун. Маанилүү чечимдерди кабыл алат деп терең ишенем.

Илимдин доктору, педагог-илимпоз, мамлекеттик сыйлыктын лауреаты, ардактуу профессор Калыгул Жусупов:

“Кыргызстан” партиясынын лидери Канатбек Исаев өзүн такшалган лидер катары көрсөтүп, айланасына мыкты команданы топтой алды. Партия лидеринин жана партиянын башка талапкерлеринин айткан сөзү менен аткарган иштери бир. Ошондуктан мен аларды урматтайм. Биз өнүккөн өлкө болуубуз үчүн татыктуу адамдардын парламентке, өкмөткө келишине шарт түзүп беришибиз керек. “Кыргызстан” партиясынын программасында реалдуу, кыска мөөнөттүн ичинде өлкөнүн экономикасын өнүктүрүүнүн жолдору камтылган жана турмушубузда зарыл болгон тармактарга реформа жүргүзүү керектиги так жазылган. Ошондой эле башта айтып өткөндөй партиянын курамында ар кыл кесиптин, ар тармактын өкүлдөрү бар. Алардын ичинен тажрыйбалуу саясатчыларды, ийгиликтүү ишкерлерди, аткаруу бийлигинин жогорку кызматтарында, бир катар министрликтерге жана мамлекеттик комитеттерге жетекчи болуп, мамлекеттик башкарууга активдүү аралашып жүргөн инсандарды көрүүгө болот. Алардын баары өлкөнүн бакубат жашоосу үчүн жан үрөп иштөөгө даяр. Ошондуктан “Кыргызстан” партиясын жеңишке жетишин каалайм.

Кыргыз Республикасынын эл артисти, коомдук ишмер Бахтияр Тухтаматов:

Шайлоого катышып жаткан “Кыргызстан” партиясы өзүнүн так идеологиясы жана туруктуу элдик колдоосу бар күчтүү партия экенин көрсөтө алды. Бардык жагын эске алганда, бул партияда жеңишке жетүүгө бардык мүмкүнчүлүгү бар. “Кыргызстан” партиясы жөнүндө өзгөчө эки нерсени белгилеп кетиш керек: Биринчиден, партиянын көптөгөн талапкерлери ийгиликтүү ишкерлер, алар программада өндүрүш жана өнөр жай тармагын жакшыртуу боюнча конкреттүү кадамдарын белгилешкен. Дал ушул эки тармакты өнүктүрүү менен өлкөдө жумуш орундарын түзүп, мамлекеттин бюджеттин толтурууга болот. Ошондой эле миграциянын агымын азайтууга болот. Экинчиден, партиянын программасында ишкерлерди колдоо үчүн ашыкча текшерүүлөрдү азайтып, жеңилдетилген кредиттерди берүү, салыктардан бошотуу жагы да каралыптыр. Андан сырткары, билим берүү, медицина жана маданият тармактарына да өзгөчө маани беришкен. Себеби илим-билим, маданиятта өнүгүү болмоюн, коомдо да өнүгүү болбойт. Ошондуктан “Кыргызстан” партиясынын сунуштары реалдуу ишке аша турган мыкты сунуш деп ойлойм. Ошондуктан “Кыргызстан” партиясын колдоп, аларга ийгилик каалайм.

Коомдук ишмер, “Даңк” орденинин ээси Дамира Молдоярова:

Мен “Кыргызстан” саясий партиясынын “Эл үчүн” деген программасы менен кеңири таанышып чыктым. Анда өлкө экономикасын өнүктүрүп, элдин жашоо-турмушун жакшыртуу боюнча конкреттүү багыттар так, түшүнүктүү жазылган. Программасы абдан жакты. Бул партияны колдойм, колдоп жатышымдын себептеринин бири – менин максаттарым менен партиянын максаттары үндөш десем да жаңылышпайм. Мисалы, мен өзүм Бишкекте жашаганыма карабастан, “өзүң туулуп өскөн айылыңа тууңду сай” дегендей эле, айылыма кум-таш майдалоочу кичи завод куруп, элдин жашоо деңгээлин жогорулатууга өзүмдүн салымымды кошсом деген ниетте иш кылып келе жатам. Ал эми “Кыргызстан” партиясынын мүчөлөрү бүгүнкү күндө өлкө боюнча масштабдуу деңгээлде ондогон ишканаларды ачып, миңдеген кишини жумуш менен камсыз кылып жатат. Ошондой эле алар өлкө казынасына миллиондогон сом салык төлөп, бюджетти толтурууга өздөрүнүн салымдарын кошуп келишет. Ошол эле маалда миграциянын агымын азайтып, элге дагы көптөгөн жумуш орундарын түзүп берели деп жатышат. Алар программасын ойдогудай ишке ашырат деп ойлойм жана аларда аны ишке ашырганга чоң мүмкүнчүлүгү бар. Ошондуктан мен “Кыргызстан” саясий партиясын колдоп, жеңишке жетишине тилектешмин.

Коомдук ишмер, Борбордук шайлоо комиссиясынын мурдагы төрөгасы Мамбетжунус Абылов:

Шайлоодогу үгүт иштери жыйынтыкталып жатканда, кайсы партияга добуш бериш керек экендиги элге билине баштады. Мен өзүм башынан эле “Кыргызстан” партиясына ыктап турдум эле, Кудайга шүгүр, үгүт маалында ушул партиянын талапкерлери шайлоодо жүргүзгөн үгүт иштери, менин баштагы пикиримдин тууралыгын бышыктады. Анткени бул партиядан шайлоого аттанган талапкерлердин басымдуу бөлүгү ишкерлик чөйрөдө ийгиликке жеткен инсандар экени байкалып турат. Ошондуктан мындай талапкерлерди экономиканын чордонунда бышып жетилген инсандар деп бааласак болот. Биздин өлкөнүн экономикасы оор абалга кептелип турганда, элибиз ушундай бышып жетилген инсандарга депутаттык мандатты ыйгарса, экономикабызды өнүгүү жолуна бура алат деген менде ишеним күч. Эгер шайлоочулар “Кыргызстан” партиясын ушул жолу да колдой турган болсо, биздин өлкөдө бул партия дагы да туруктуу саясий күчкө айланганы турат. Өлкөдө элибиз колдогон туруктуу саясий күч жаралса гана, өлкөбүздө тынчтык орноп, экономикабыз өнүгөт. Ошондуктан биздин экономикабыз оор кырдаалга кептелип турганда элибизди саясий кыраакылыгын көрсөтүп, шайлоодо “Кыргызстан” партиясын колдоого чакырам.

Буйрутма берүүчү «Кыргызстан» саясий партиясы. Дареги: Бишкек ш. Манас п, 115А. «Кыргызстан» саясий партиясынын шайлоо фондусунун каржы маселелери боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Шамшидин уулу Разак тарабынан төлөндү. (№94 күбөлүк, 2.10.2020)

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (5)
Adil18
2020-10-02 12:31:57
Элге,мекенге чын журогунон кызмат кылган,акыйкаттуу туу туткан,акчанын,кызматтын кулу эместерден сураганынарда башкача ой пикирлерди айтышмак.
Бутун Кыргызстан партиясына уй-булообуз менен добуш беребиз.
+4
Bars88
2020-10-02 13:37:04
Кыргызстан партиясы Кыргызстанга коп создорду кошту.Тилибиз байып атат айрыкча эки депутаттын салымы чон чакурук маяне сексалю.Кааласа календарды аркага жылдырып коюшат
+6
Bakyt813
2020-10-02 14:09:27
Булар эмне деп жатканын озулору тушунуп жатышабы?
+3
Mister-X
2020-10-02 14:51:58
Ушундай "дүжүр"чалдар жок дегенде шайлоодо акыйкат сөздү сүйлөшсө."Кыргызстан"партиясында акыл-эстүү,билимдүү адам барбы өзү?Жакшы кайсы сөзү менен,кайсы иши менен элге таанылды?"Акча бар жерде чындык чыркырайт"- деген ушул да
+3
Jelezo
2020-10-02 15:07:51
Mister-X,жакшы төлөсө мактайт.бизде көп нерсе акча менен бааланат.
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан