"Республика" партиясы үгүт иштерин алып барып, кыргызстандыктарга мамлекеттеги олуттуу реформаларды өткөрүү багытындагы "Алдыга жол" программасын сунуштады. Жолугуулар Кыргызстандын жети облусунун бардык райондорунда өттү. Депутаттыкка талапкерлер менен шайлоочулардын жолугушуулары Ысык-Көл облусунан башталды. Партиянын лидери Мирлан Жээнчороев мамлекеттин өнүгүүсүн саясий реформалардан башташ керектигин айтып кетти.
"Биз парламентте жүрүп да сиздер тарапта болгонубузга сыймыктанабыз. Бирок басымдуу бөлүгү эки жүздүү, кошоматчы болуп калды. Алар санды көбөйтүп, сапаты жок болуп, элге иштебей, бир ууч адамдарга кызмат кылуу менен алектенди. Ошол себептен биз программада депутаттардын санын 120дан 75ге кыскартабыз деп айтып жатабыз.
Биз дагы бир жобо киргизип жатабыз. Ага ылайык, эгерде татыктуу эл өкүлү боло албаса, эл ага нааразы болсо 10 миң кол топтоо менен депутатты кайра артка чакыртып алсаңар болот. Ошондо иштебеген “кнопка баскыч” депутаттары жумуштан алып салса болот", - деди "Республика" партиясынын лидери.
Нарындыктар менен жолугушууда сөз алган "Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер, журналист Тынчтык Алтымышев болсо элдин көңүлүн учурдагы өлкөнүн экономикалык абалына бурду.
"Өлкө азыр кызыл чекте турат. Бюджетте акча жок. Пандемияга деп донорлор берген каражаттарды өкмөт пенсия, жөлөк пулдарга таратып коюп отурат. 500 миллион доллар жиги жок кетти. Сыртка карызыбыз 5 миллиард доллардан ашты.
Чукул арада жасалган реформаларды жон терибиз менен сезгидей бололу. Алдыга жолду тандайлы! Артка жол - коркунучтуу. Биз мамлекеттүүлүктү жоготуп алышыбыз мүмкүн. Тандоодон жаңылбаңыздар! "Республика" номер 14, "Алдыга жолду тандаңыздар", - деди Тынчтык Алтымышев.
Баткен облусунун чек арасында аткезчилик, паракорчулук ээ-жаа бербей өнүгүп жатат, дал ушул себептен "Республика" партиясы коррупцияга ачык-айкын күрөш жарыя кылганын жергиликтүү тургундарга Назарали Арипов айтты.
"Кыргызстандын чек арасы коррупциянын борбору болуп калды! Ар бир жүк ташыган унаалардан алына турган мамлекеттик салык пара болуп жеке тараптардын чөнтөгүнө түшүп жатат. Биз коррупционерлер, каракчылар, уурулар менен ачык күрөшүүбүз керек. Азыр кээ бир партиялар жарандарды Кадамжайдан Ошко алып барып форма-2 менен каттап жатат. Бул эмне дегендик? Мындай ыплас ыкмалар менен шайлоону өткөрө турган болсок, мамлекетибиз туңгуюкка такалат. Элдин добушун сатып алам деген – мамлекетти жок кылам дегенге барабар!", - деди Арипов.
Ош облусунун Араван, Алай, Өзгөн райондорунун жана Ош шаарынын тургундары менен жолугушууларында "Республика" партиясынан депутаттыкка талапкер Руслан Казакбаев партия өлкөдөгү экономикалык, саясий жоопкерчиликти толук мойнуна алууга даяр экенин билдирди.
"Эски саясатчылар убада берсе ишенбегиле! Алардын колунан келсе, Кыргызстан эчак гүлдөп-өнүкмөк! Биз ар бир жараныбыздын жашоосун өзгөртүүгө жоопкерчиликти алганга даярбыз. Буга чейин берген сөзүбүздү силердин колдооңор менен ишке ашырдык. Бул жолу да реалдуу реформаларды камтыган “Алдыга жол” программасы менен баратабыз. Коррупцияны жалгыз президент же укук коргоо органдары жеңе албайт. Андыктан биз өзүбүздүн ичибизде, жүрөгүбүздө, акылыбызда реформа жасашыбыз керек. "Республика" партиясынын мамлекеттин келечеги үчүн кызмат кыла турган программасы даяр", - деди Руслан Казакбаев.
Базар-Коргон, Сузак, Аксы, Ноокен райондорунун жана Жалал-Абад шаарынын тургундары “Республика” партиясынын программасы менен таанышып, кызуу колдоого алышууда. "Республикадан" депутаттыкка талапкер Акпарали Калматов партиялар беш жыл сайын убада берип, пара менен шайланганын эске салды.