Талас шаарында “Таза шайлоо” экологиялык акциясы өттү. Бир Бол №13

“Бир Бол” саясий партиясынын тарапташтары Талас шаарындагы үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” экологиялык акциясы менен жыйынтыкташты. Алар Талас токоюнун жээктерин, коомдук жайлардагы таштандыларды тазалашты.

“Бир Бол” партиясынан депутаттыкка талапкер Рамис Мамбеталиев ар бир жаран тазаланууну өзүнөн баштоосу керектигин айтты.

“Таза шайлоо” акциясынын негизги максаты - шайлоочуларды акчага сатылбай, татыктуусун тандап добуш берүүгө чакыруу. Муну менен бирге айланабызды тазалап, жан дүйнөбүздү аруулантып, келечектен көптү үмүттөндүргөн татыктууларын тандоого учур келди”, - деди талапкер.

Ал тазалык иштерине байланыштуу партиянын программасында тиричилик калдыктарын чогултуу жана таштандыларды кайра иштетүүчү заводдордун курулушу үчүн шарттарды түзүү каралганын кошумчалады.

Эске салсак, “Бир Бол” саясий партиясынын өкүлдөрү үгүт кампаниясын “Таза шайлоо” аттуу экологиялык акция менен жыйынтыкташты. Иш-чара Кыргызстандын бардык аймактарында уюштурулуп, ага партиядан депутаттыкка талапкерлер, партиянын тарапташтары жана мүчөлөрү катышты.
“Бир Бол” №13 – Жаратман күч!

“Бир Бол” саясий партиясынын каржы маселелер боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Разаева Айсулуу Абдыкадырованын тескөөсү менен “Бир Бол” саясий партиясынын шайлоо фондунун каражаттарынан төлөндү. Разаков көчөсү 7/2. 2-октябрь.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан