3 жаран форма-2 боюнча 22 жолу арыз берген. Бул тууралуу Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.
"Шайлоочулардын тизмеси боюнча маселелер көп. Шайлоочулардын тизмеси 3 миллион 523 миң 554тү түзөт. Бул 24-сентябрга карата көрсөткүч. 4-сентябрга карата 3 миллион 465 миң 415 болчу. Форма-2 менен бир нече жолу кайрылгандар болду. 32 миң 504 адам 2 жолу, 5 миң 810 адам 3 жолу арыз менен кайрылганы белгилүү болду", - дейт ал.