557 миң 856 жаран биометрикалык каттоодон өткөн жок. Бул тууралуу бүгүн, 2-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова брифингде билдирди.
Биометрикалык каттоодон өтпөгөндөр шайлоодо добуш бере албай турганын белгиледи. 3 миллион 523 миң 554 жаран шайлоого катышат.
Парламенттик шайлоо 4-октябрда өтөт. Ага 16 саясий партия ат салышат.