Үгүт ѳнѳктүгүнүн жабылуу аземи "Жеңиш" аянтындагы өчпөс отко гүл коюудан башталды, анткени биздин бул күнгө жетишибиз үчүн аталарыбыз өз өмүрлѳрүн аяшкан эмес.
Партия лидери Марат Аманкулов сөз сүйлөп, 4-октябрда кыргыз эли партияларды же алардын лидерлерин эмес, өзүнүн келечегин тандай тургандыгын айтты.
Андан соң төраганын орун басары Төрөбай Зулпукаров сөз сүйлөдү.
Талапкер Галина Кетованын айтымында, үгүт иштеринин жүрүшүндө партиянын идеялары элге жетти.
Андан соң 7 облустан келген өкүлдөр сүйлөштү.
Бишкектен келген Валентина Тен буларды айтты: “Мен Кыргызстанда төрөлдүм, окудум, иштедим. Кыргызстан менин мекеним, анын гүлдөп, өсүшүн каалайм. “Биримдик” партиясы кыргызстандыктардын жашоосун алдыга алып барарын тастыктады. “Биримдик” биздин келечек!” - деди ал.
Ош шаарынан келген Асылай Кайыпбек кызы: “Ош облусунун карапайым эли “Биримдик” партиясынын талапкерлерин колдоп аларына ишенебиз. Ош облусунун кѳп улуттуу калкы дайыма мамлекеттеги туруктуулукту, ѳсүп-ѳнүгүүнү колдоп келет. Алдыдагы шайлоого карата кѳптѳгѳн партиялар ѳздѳрүнүн программасы менен тааныштырып, эл арасында үгүт иштерин жүргүзүштү. Кѳптѳгѳн партиялардын арасынан “Биримдик” партиясынын программасы элге жеткиликтүү жана түшүнүктүүлүгү менен айырмаланат. Партиянын саясатын элге жеткирүүдѳ, партиянын лидерлери жана талапкерлери буга чейин кѳп иштерди жүргүзүштү”.
Чүй облусунан келген Рузана Ниязова “Биримдик” партиясы менен гана жеңишке жете алабыз деди. “Биздин облуста 40тан ашык улуттун өкүлдөрү жашайт, партиянын аты айтып тургандай баарыбыз бириксек өнүгө алабыз, ошондуктан партиянын идеологиясын, программасын колдоого чакырам”, - деди ал.
Талас элинин атынан келген Тилек Кудакеев партиянын катарына кирген тажрыйбалуу командага добушуңарды бергиле деп чакырды. “Биримдик” эл менен бийликтин ортосундагы кѳпүрѳ болуп берет. Таласта 90% тѳѳ буурчак айдалат, тышкы рынокко алып чыгуу, ички рыноктун жоктугу чоң көйгөй. Ошондуктан Таласка кайра иштетүүчү логистикалык борбор керек. Ушундай региондордун көйгөйлөрү, ар бир кадамды ишке ашыруу партиянын программасында камтылган. “Биримдик” 4-октябрь күнү сөзсүз элден колдоо табат”, - деди ал.
Ысык-Көл облусунан келген Урматова Саламат: «Биз шайлоочулар менен жолугушууда куру убадаларды берген жокпуз, буга чейин кылган иштерибизди, элге болгон кызматыбыздын жыйынтыгын айттык, программабызды жеткирдик», - деди.
“Биримдик” албетте, жеңишке жетет! Анткени биздин партия берген убадасын аткарат жана бекеринен шайлоо бюллетенинде №1 эмес! Эл өз добушун жаркын келечекке, билимдүү балдарыбыз үчүн, жеткиликтүү медицинага, гүлдөп өскөн Кыргызстан үчүн берет.
Нарын облусунан келген Эстебесов Болот «Биримдик» партиясы бизди, нарындыктарды алдыга койгон асыл максаттары менен толук ынандырды деди.
«Биримдик» партиясына болгон ишеним бекемделди. Жалпы Нарын облусунун шайлоочулары «Биримдик» партиясын тандап, колдоп жатышат. Мына ушул тагдыр чечүүчү күндө «Биримдик» партиясы менен бирге болгондор өлкөнүн келечегине, жаштардын келечегине кайдыгер карабагандар деп эсептейм. «Биримдик” алга!” - деди ал.
Баткенден келген Азатбек Курбанбеков: "Мен Баткен облусунан жиберилген өкүл катары ар бир көрсөтүлгөн колдоону, берилген баталарды жеткирип келдим. Баткен эли “Биримдик” партиясынын программасына ынанды жана бул партияга колдоо көрсөтөрүн билдирди. Баткен эли – “БИРИМДИК” партиясы менен!” - деди ал.
Иш-чаранын соңунда филология илимдеринин доктору, профессор Сыртбай Мусаев ак батасын берип, партияга ийгилик каалады.
«Биримдик» (Единство) Демократиялык партиясы» саясий партиясынын шайлоо фондунун эсебинен финансы боюнча ыйгарым укуктуу өкүлү Карагулов Арсен Дайырбекович тарабынан төлөндү.