"Жергиликтүү бийликти бюджеттин каражатын түгөтүүчү сектор деп мүнөздөп калдык. Аймактык-административдик реформа керекпи?". Дебатка катышкан партиялардан жооп (видео)

Бүгүн, 2-октябрда КТРКда алдыдагы парламенттик шайлоого ат салышып жаткан партиялардын лидерлеринин дебаты уланууда. Бул ирет дебатка алты партиянын лидерлери, депутаттыкка талапкерлер келишти.

Алар: "Мекенчил", "Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", "Чоң казат", "Бүтүн Кыргызстан", "Биримдик", "Замандаш" саясий партиялары.

Дебаттын катышуучулары:

"Мекенчил" саясий партиясынан - Камчыбек Ташиев,

"Ооганстан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" - Акбөкөн Таштанбеков,

"Чоң казат" саясий партиясынын лидери - Максат Мамытканов,

"Замандаш" саясий партиясынын лидери - Жеңиш Молдокматов,

"Биримдик" саясий партиясынан - Улукбек Кочкоров,

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери - Адахан Мадумаров.

СУРОО: "Жергиликтүү бийликти биз жөн гана бюджеттин каражатын түгөтүүчү сектор, башкаруу натыйжасыз деңгээлге түшкөн, эч кандай өнүгүү мүмкүнчүлүгү жок акыбалга келди деп мүнөздөп калдык. Аймактык административдик реформа бизге керекпи, керек болсо кантип? Сиздердин көз караш кандай?"

Мадумаров: "Менимче, реформа үчүн реформа жасоонун кереги жок, кеп айыл өкмөт же башка жакта эмес, кептин баары мыйзамдын аткарылышы, тартиптин сакталышында. Ушул эле тартип менен тартипти сактасак, өкмөттүн, бийликтин жоопкерчилигин, мамлекеттик органдардын жоопкерчилигин күчөтсөк, жеке керт баштарына жоопкерчиликти салсак ушул эле форма менен алга жылсак болот. Ошондо эффективдүү башкарууга барсак болот".

Кочкоров: "Аймактык-административдик реформа түзүү сөзсүз түрдө керек. Санариптештирүү боюнча. Жергиликтүү бийликке көп көңүл буруу зарыл. Алар мисалы жергиликтүү депутаттар кенедей бир нерсе куруу үчүн тийиштүү жерлерден уруксат алам деп айлап-жылдап жүрөт, андай болбогудай болуп түз эле өздөрү чечип, кабыл ала тургандай деңгээлге жетүү зарыл".

Мамытканов: "Эң негизгиси бизде башкаруу бийлиги бар деп айтып жатабыз, эки тепкич төрт тепкич деп да айтып жатышат. Бул жерде оболу аймакты ким өнүктүрөт деген жоопкерчиликти караш керек, эл өнүктүрөбү, акимби, облус башчыбы же өкмөт башчыбы. Эч кимге жоопкерчилик жүктөлгөн эмес. Ушул башаламандыкты жоюу кажет, административдик реформага барабыз, 7 облустун өзүнчө климаттык, дагы башка шарттары бар, ошого жараша кылдат мамиле жасаш керек. Кайсы аймактын өзгөчөлүгү кандай, ушул жагдайларды аныктап чыгып, ошого жараша реформаларды жасоо зарыл".

Таштанбеков: "Сөзсүз түрдө керек, бизде өлкөдө 531 административдик территориалдык аймак бар. Ошонун ичинде 7 облус, 40 район, 29 шаар бар ошонун ичинен 12си облустук, ал эми 17си райондук 453 айыл өкмөтү бар. Коронавирустан ооруп жаткан 1 адамга 70 чиновник туура келет. Ошонун бири дагы пандемияда адамдарды сактап кала алышкан жок. Айыл өкмөт деген бар, депутаттар бар жана башка майда-барат кызматтар, ушунун баарын азайтуу керек, биз Советтер Союзу мезгилиндегидей жашоого жетишибиз керек".

Ташиев: "Ар бир реформаны элге ылайыкташтырып жасоо керек. Эл айылда жашайт, демек, айыл өкмөттө жашаган элге ылайыктуу реформа жасоо зарыл. Аймактык реформа сөзсүз түрдө болушу керек. Бийликтин партиясы кооз эле сүйлөп коюшат. Реформа деп чыгарып коюп, кайра элди кыйнабашыбыз кажет".

Молдокматов: "Мисалы, кээ бир жерде айылдыктар айыл өкмөттүн өзүн, акимди көргөн эмес. Аймактык-административдик реформа деген такыр жүрбөйт, бул болбойт. Биз эң биринчи Конституциялык реформага гана баруубуз керек. Ошондо гана же президентти, же премьерди бекитип алгандан кийин гана ошолорго реформаны байлап беребиз. Мына ошондо бюджеттин акчасы дарегине жетет".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан