2-октябрда КТРКда алдыдагы парламенттик шайлоого ат салышып жаткан партиялардын лидерлеринин дебаты өттү. Бул ирет дебатка алты партиянын лидерлери, депутаттыкка талапкерлер келишти.
Алар: "Мекенчил", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", "Чоң Казат", "Бүтүн Кыргызстан", "Биримдик", "Замандаш" саясий партиялары.
Дебаттын катышуучулары:
"Мекенчил" саясий партиясынан - Камчыбек Ташиев;
"Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" - Акбөкөн Таштанбеков;
"Чоң Казат" саясий партиясынын лидери - Максат Мамытканов;
"Замандаш" саясий партиясынын лидери - Жеңиш Молдокматов;
"Биримдик" саясий партиясынан - Улукбек Кочкоров;
"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери - Адахан Мадумаров.
Дебат талапкерлердин кызуу талаш-тартыштары менен коштолду. Алар кыскача видеодо.