"Эмнеге мага "сокку" уруп калдың?". Дебаттын катышуучуларынын бири-бирине берген суроолору жана жооптору (видео)

Бүгүн, 2-октябрда КТРКда алдыдагы парламенттик шайлоого ат салышып жаткан партиялардын лидерлеринин дебаты уланууда. Бул ирет дебатка алты партиянын лидерлери, депутаттыкка талапкерлер келишти.

Алар - "Мекенчил", "Афганистан согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы", "Чоң Казат", "Бүтүн Кыргызстан", "Биримдик", "Замандаш" саясий партиялары.

Дебаттын катышуучулары:

"Мекенчил" саясий партиясынан - Камчыбек Ташиев,

"Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясынан" - Акбөкөн Таштанбеков,

"Чоң Казат" саясий партиясынын лидери - Максат Мамытканов,

"Замандаш" саясий партиясынын лидери - Жеңиш Молдокматов,

"Биримдик" саясий партиясынан - Улукбек Кочкоров,

"Бүтүн Кыргызстан" саясий партиясынын лидери - Адахан Мадумаров.

Дебаттын 2-туру талапкерлер бири-бирине суроо берүү менен башталды.

Камчыбек Ташиевден Жеңиш Молдокматовго суроо: "Жеңишбек, айтчы мага "сокку" ура баштадың да?"

Жооп: "Камчыбек Кыдыршаевич, билесиз мен сизди сыйлайм. Менин айтканым, мына ушул жердегилер ошол учурда бийликте отуруп, анан азыр келип алып пандемия боюнча айтканга укугуңар жок дегеним".

Ташиев: "Пандемия маалындагы биздин иштерибиз тууралуу айтып, сурап алыңыз, биз кандай иштерди кылып жүрдүк, ошолорду билип алыңыз. Силер ойлонуп айтып жатасыңарбы?"

Молдокматов: "Сиздин пандемия учурунда кылган иштериңизди, жардам берип жүргөнүңүздү жакшы билем. Мен жалпы жолунан айтам жатам. Жалпы эле 29 жылды айтып жатам. Эмнеге биз Орусия жана башка мамлекеттердей болуп оңой өтө алган жокпуз деген мааниде. Эгерде сиздер бийликте турган учурда жакшы систем түзүлсө ушундай абалга келбейт болчубуз".

Ташиев: "Мен 2007-жылы министр болсом, анан 2020-жылы болгон пандемияга жооп беремби? Бул деген такыр түшүнүксүз".

Акбөкөн Таштанбековдон бардык талапкерлерге суроо: "Пандемиянын дагы 2-этабы башталып кетиши мүмкүн, конкреттүү кандай сунуштарыңар бар? Саламаттыкты сактоо жаатында реформа болуу үчүн?"


Камчыбек Ташиевден жооп: "Бүгүнкү күндө мамлекет, анан биз конкреттүү түрдө жер-жерлерге жардамды беришибиз керек. Ар бир облуска, керек болсо районго талапка жооп бере турган ооруканаларды куруубуз зарыл. Мисалы, 44 районго бирден оорукана курууга болот".

Максат Мамыткановдун жообу: "Биринчиден, медицина тармагындагы коррупциянын бардыгын жок кылуу керек. Биздин эң негизги көйгөй эле ушул. Төрөт үйүнөн баштап, башка ооруканага чейин бүт эле паракорчулук болуп калды. Ушул маселени чечмейинче, бизде эч кандай деле реформа болбойт".

Жеңиш Молдокматовдон жооп: "Биринчиден, саламаттыкты сактоо министрлигине тийиштүү каралган бардык мыйзамдардын иштөөсүн камсыз кылуу керек. Негизи бул тармакта жакшынакай мыйзамдар жазылган, болгону ошолорду ишке ашыруу зарыл, көзөмөл керек".

Улукбек Кочкоровдон жооп: "Дары-дармектерди каттоо жолун жөнөкөйлөтүү керек. Биздин коңшу өлкөлөрдөн Орусия болобу, башка болобу кандай дарылар болсо, ошонун баары бизге дагы эч бир тоскоолдуксуз келүүсү керек. Ошону менен катар эле дары-дармек коопсуздугун камсыз кылуу кажет".

Адахан Мадумаровдон жооп: "Эң негизгиси, мыйзам керек дегендер, мыйзам бар да айланайын. Мыйзамдардын баары эле бар, маселе ошонун аткарылышында турат. Ал эми саламаттыкты сактоо дегенде биринчи кезекте биз адискөйлөрдү табышыбыз керек. Экинчиден, Советтер Союзу мезгилиндеги саламаттыкты сактоо системине кайра алып келишибиз керек. Бул жерде сүйлөй берсек, таң аткыча деле сүйлөй беребиз, кеп ошонун аткарылышында жатат".

Жеңиш Молдокматовдон бардык талапкерлерге суроо: "Ар бир партиянын программасында дыйкандарга жеңилдетилген насыя берүү боюнча жазылган. Бүгүн канча дыйканга канча суммада, канча пайыз менен кандай категорияда насыя берилди. Бул программаңарда кандай каралган?"

Камчыбек Ташиев: "Дыйкандарга мамлекет тарабынан акыркы 2-3 жылда жакшы эле жардам берилип келе жатат. Ошол эле мезгилде дыйкандардын өндүргөн товарларын башка өлкөгө сатуу боюнча көйгөйлөр жаралууда. Мен бул маселени чечсе болот деп ойлойм".

Акбөкөн Таштанбеков: "Биз дыйкандарга насыя бергенге каршыбыз. Негизи, ар бирөөсү бергендин көлөмүн жасай албай жатабыз. Бизге бүгүн 100 миң тонна эт, 100 миң тонна сүт сатышыбыз керек. Ал үчүн ири заводдорду салышыбыз кажет. Аны дыйкандарга өткөрүп беришибиз зарыл. Насыяны эмес".

Максат Мамытканов: "Ооба, мамлекет колунан келгенин жасап жатат. Баарыбыз миллиарддаган сомдор кетип жатканын көрүп жатабыз. Насыяны алган биздин айылдаштарыбыз андан пайда таба албай жатышат. Аны эмнеге иштеткендиги тууралуу өздөрү да так айтып бере алышпайт. Статистика боюнча биздеги 500 миллиард сом бүт эле экономиканын баары айыл-чарба болуп калды. Акча ресурсу кимдин колунда? Ушул нерселерди көзөмөлгө алыш керек. Баары айылга субсидия, дотация керек деп айтып жатат. Жергиликтүү аймактарга чакан цехтерди ачып, элди жумуш менен камсыз кылуучу стратегиялык программаларды иштеп чыгуу керек. Бизде аз пайызда насыя берүү программасы бар. Эң негизгиси айыл-чарбасында мал өстүрүү, өсүмдүктөрдү өстүрүү, бүт айыл-чарба тармактарын өнүктүрүүгө керек болгон программабыз бар".

Улукбек Кочкоров: "Бүгүн биз жалпы өндүрүүчүлөрдүн ишкерлигин колдоо үчүн ички рынокту өндүрүүчү программаны түзүшүбүз керек. Социалдык тармак бүгүн экономиканын драйвери болушу керек. Биз өзүбүздөн чыккан товарды сатып алып, өзүбүздү колдоп, көтөрүшүбүз керек. Өзүбүздүн уул-кыздарыбызды жумуш менен камсыз кылышыбыз зарыл. Бул биздин программада бар".

Адахан Мадумаров: "Казакстандан, Орусиядан келген унга салык төлөмдөрүн алып салды. Кыргыз өлкөсүндө бюжетке 6 миллион сом түшпөй калды. Парламент биздин буудай өндүрүүчүлөрдү бууп койду".

Максат Мамыткановдон бардык талапкерлерге суроо: "Биз Кыргыз өлкөсүн коррупциядан арылта алабызбы?

Ташиев: "Бул боюнча бардык партиялардын программасы бар, анын арасында биздин, "Мекенчил" партиясынын программасында өлкөнү бандиттерден, коррупционерлерден арылтуу, аларды коомго аралаштырбоо. Мен бардык аймакты кыдырдым, ошол жакта добушту сатып алуу үчүн акча берип жатышат, булар кимдер? Коррупционерлер да".

Таштанбеков: "Биз мыйзамдарды киргизишибиз керек. Эң чоң коррупция азыркы тапта - тендерлерде. Мыйзамда, өндүрүшчүлөргө кайрылгыла дебей, ортомчуларды алабыз. Биз мындай системге, мыйзамга өзгөртүүлөрдү киргизишибиз керек. Эгер түз өндүрүшчүлөргө кайрылсак, чыгым азаят. Коррупцияны жеңүү - элдик корпорацияны түзүү, мамлекеттин ичинде дагы бир мамлекет болот".

Молдокматов: "Бүгүн мамлекет өтө коркунучтуу абалда, анткени элдин чөнтөгүнө кол салган коррупционерлер кайрадан парламентке келе жатат. Алар өтө коркунучтуу, алар кайрадан депутат болуп калышы толук мүмкүн. Алар келсе коррупция менен күрөшүү өтө оор болот. Жолдорун айта турган болсом, 20-25 жылга чейин эркинен ажыратуу, ошол эле учурда коррупцияга аралашуунун кесепети ошол адамдын балдарына, неберелерине чейин жете тургандай кылышыбыз керек. Ошондо ойлонушат го деген пикирдемин".

Кочкоров: "Коррупцияны ачыкка чыгаруу, жоюу боюнча санариптештирүү өтө маанилүү деп ойлойм. Биздин министрликке мындай системаны киргизүү менен мурдагы корррупциялык жолдор жоюлуп, баары ачык болуп калды. Мындан тышкары декларация толтуруу тартиптерин күчөтүү жана ар бир кызматкердин ишинин жыйынтыгы боюнча жоопкерчилиги".

Мадумаров: "Коррупциянын үрөнү азыр дагы себилип жатат, эми түшүм алат. Мына "Биримдикке" окшогон, ичинде "Замандаш" дагы бар, дагы башка партиялар үрөндү сээп жатат. Алар сатып алуу жолу менен форма-2ни түзө коюу менен добушка ээ болгону жатат. Бул коррупция эмеспи? Коррупция аркылуу добуш алып жаткан партия дегенде 4 партияны айта алам. Орусияда да далай добуштар сатылып жатат. Коррупцияны муунта турган күн - 4-октябрь, ошол партияларды шайлоого алып келбей койсок коррупция муунат".

Молдокматов Мадумаровго: "Адахан Кимсанбаевич, терикпестен элдин астында кечирим сурап коюңуз. Кезинде кызматта туруп, ушул системди өзгөртө алган эмессиз, ушундай абалга жеткиргендердин бирисиз. Ошондуктан кечирим сураганыңыз жакшы".

Мадумаров: "Эки жагыңды карап сүйлө, тарых алдында жооп берип каласың. Мен 11 жылдан бери мамлекеттик кызматта эмесмин".

Кочкоровдон Ташиевге суроо: "Сиз Садыр Жапаровду абактан чыгарам деп жүрөсүз, кандай жолу бар?"

Ташиев: "Садыр Жапаровду кайсы жерге барсак сурашат, демек, биз аны чыгарууга карап чыкканга милдеттүүбүз. Биз парламентке өтсөк, аны чыгаруунун мыйзамдуу жолун табабыз".

Кочкоровдон жалпы суроо: "Тышкы карызды жоюунун жолдорун кандай көрөсүздөр?"

Ташиев: "Тышкы карызды ушул бийлик жасаган, кутулуунун жолдорун өздөрү табышы керек".

Таштанбеков: "Биз сунуштаган корпорацияны түзүш керек, бюджет 2 эсеге көбөйөт, бизде мыйзам долбоор бар, 1995-жылдан баштап иштеген аткаминерлерде алардын айлыгына туура келбеген байлыгы бар болсо, аны конфискациялоо зарыл".

Мамытканов: "Биз программабызда айтып жатабыз, коррупция жолу менен уурдалган акчаларды, мүлктөрдү мамлекетке, элге кайтаруу. Анын эсебинен тышкы карыздан кутулуу. Бизде канча деген олигархтар бар, ошолорду тизгиндесек болот".

Молдокматов: "Мунун бир эле жолу - темирдей тартип. Конкреттүү 2 кадамды айтам. Биринчиси - бюджетти оптимизациялоо, кийинкиси коррупцияны жоюу".

Мадумаров: "Тышкы карыздан келген акчаны ким уурдаса, ошолорго төлөтүш керек".

Мадумаровдон бардык талапкерлерге суроо: "Ушул жерде тургандар, атап өтсөңүздөр, "бийликчил" партиялар кайсылар?"

Ташиев: "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан" жана "Кыргызстан".

Таштанбеков: "Бийликтин партиясы - "Ооган согушунун ардагерлери жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкандардын саясий партиясы". Биз буюрса, парламентке барабыз да, бийликтин партиясы болобуз. Баары эле оппозициябыз дейт, жалгыз өзүбүз эле бийликчил болгондой сезилет (ред. күлүп).

Мамытканов: "Жогорку Кеңеште отургандар кире качкан партиялар, алар "Биримдикке" киришти, "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан" аркылуу кетип бара жатышат. Башка дагы партияларда жүрүшөт, бийликте отургандар эле кайра кетип жатышат".

Молдокматов: "Биримдик", "Мекеним Кыргызстан", "Кыргызстан".

Кочкоров: "Кудай буюрса, 5-октябрда парламентке келсек бийликтин партиясы болобуз. Биз келип өкмөттү курайбыз".

Камчыбек Ташиевден бардык талапкерлерге суроо: "Биримдик" партиясынын лидери Марат Аманкуловдун өлкөнүн эгемендүүлүгү боюнча айтканына эмне деп жооп бере аласыңар?"

Улукбек Кочкоров жооп берет: "Биринчиден, экономикабызды Евразия чөлкөмүнүн мамлекеттери менен мамиле кылалы деп жатабыз. Океандын ары жагын коюп, коңшу өлкөлөр менен мамилени оңдоп алалы деген тилегибиз бар. Себеби, чек араны жаап койсо, ондогон фуралар тизилип чыга албай калат экенбиз. Экинчиси, бул идеология мына көчөгө чыгып алып өзүмдүн денемди өзүм билем, эркектер эркекке үйлөнсүн, анан кыздар кызга турмушка чыксын деген сыяктуу түшүнүктөрдөн алыс бололу деп жатабыз".

Ташиев: "Ошол үчүн сөзсүз суверендүүлүктү жоготуубуз керекпи?"

- Ал жерде андай сөз жок.

- Сиз уктуңузбу, эмне деп айтты?

- Ал түпкүлүккө, өзүбүздүн баалуулукка кайталы дегенди айтты.

Ушул эле суроого "Замандаш" жооп берет. "Камчыбек Кыдыршаевич, сиз бул суроону чын жүрөктөн берип жатасыз, аны байкап жатам. Эми Марат Аманкуловдун бул айтканы туура эмес жана терс мамиледе биз өзүбүздүн пикирибизди билдиргенбиз. Эмнеге дегенде интеграция биз ошол уюмдун ичинде болбойлу, мамлекеттин эгемендүүлүгү эң маанилүү. Бул эгемендик боюнча ата-бабабыз күрөшүп келген, кан төгүп келген жана ушуну сактап келген".

Максат Мамытканов жооп берет: "Эң негизгиси ушул маселени биздин партиялашыбыз көтөрүп чыккан, аны баарыңар уккансыңар. Мына Бекжан деген балабыз айтып чыкты, ошондон кийин эртеси митинг болду. Эң негизгиси биздин өлкөнү сактай турган - бул биздин эгемендигибиз. Өзүбүздүн тарыхта калтыра турган изибиз, өзүбүз жазап жаткан иштерибизге жооптуу болуп, өз келечегибизди жакшыртуубуз керек. Бирөөнүн сөзүнө ишенбей, анын сөзүнөн көз каранды болбошубуз керек".

Акбөкөн Таштанбековдон жооп: "Мен бул жөнүндө билбейт экенмин, кечирим сурайм. Себеп, мен Баткенде иш сапар менен жол жүрүп интернетте эмне болгонун көрбөй калыптырмын".

Адахан Мадумаровдун жообу: "Биз ушундай позицияны карманабыз - "жөрмөлөп, чөгөлөп барып бирөөнүн жугундусун ичкенден көрө, тике туруп өлгөнүң артык" деген. Ошондуктан эгер "Биримдик" партиясы үчүн эгемендүүлүк баалуулук болбосо, биз үчүн ал жаныбыз, каныбыз менен бирдей. Булар өздөрү ким менен кошулгусу келсе кошула берсин. Булар эгемен жашай албайт, анткени бири-бирине байлануу да".

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (6)
Jelezo
2020-10-03 00:16:24
Бүтүн Кыргызстан, Мекенчил,Чоң казат партиялары келсе туура тандоо болот менин пикирим боюнча.
+6
Agayu
2020-10-03 01:36:35
Бийлик жэнет: алар баарын билип турат : элдин тажаганын коруп угуп турат : бирок ага каршы бийлик : бийликтин колунда турат .Так что шайлоо адилетстз болот .
+2
Amai
2020-10-03 10:42:17
Бутун кыргызтан элдик партия номер 8
-1
Adil18
2020-10-03 11:16:16
Бутун Кыргызстан,Мекенчил,Чон Казат партияларына добушунуздарды бериниздер эртенки жаштарыбыздын келечеги учун!
+2
rola
2020-10-03 18:05:47
Бийликтин партиялары элдер карантинде кыйналып турганынан пайдаланып,элди сатып ала турган болду.Акчасын алсанарда укугунар озунордо.Аз акчага алданбай келечекти ойлонгула.Айланайын Кыргыз элим.
+1
Amai
2020-10-03 19:35:05
номер 1,4,13,15. бийлик партиялар
+1
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан