Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо өтөт. Шайлоо өнөктүгү бир ай бою жүрүп, ага жалпы 16 партия катышат.
Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков "Кыргыз Республикасынын Жогорку Кеңешинин депутаттарын шайлоону дайындоо жөнүндө" жарлыкка 2020-жылдын 4-июлунда кол койгон.
Ал эми 9-июлда шайлоого катышуу ниетин 44 саясий партия билдирген.
Шайлоого жалпысынан 1 миң 912 Жогорку Кеңештин депутаттыгына талапкер катталган. Алардын ичинен 618и же 32,32 пайызын аял киши түзөт.
Шайлоого катышып жаткан партиялардын тизмеси:
“Афганистан согушунун жана ушул сыяктуу кагышууларга катышкан ардагерлердин жана катышуучулардын саясий партиясы”;
“Мекен Ынтымагы”;
“Ата Мекен” социалисттик партиясы;
“Мекенчил”;
“Бир Бол” мамлекеттик биримдик жана мекенчил партиясы“;
“Ыйман Нуру”;
“Замандаш”;
“Чоң Казат”;
“Реформа”;
“Республика”;
“Социал-демократтар”;
“Биримдик” (“Единство”) демократиялык партиясы;
“Мекеним Кыргызстан”;
“Ордо”.
"Бүтүн Кыргызстан".