Бүгүн, 4-октябрда №1046 шайлоо участкасына Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо эртең мененки саат 08:00дө гимндин жаңырышы менен расмий түрдө старт алды.
Мекемеде бардык санитардык талаптар аткарылууда. Шайлоочулар аралыкты сактоо менен бет капчан имараттын ичинен киргизилип, антисептикалык каражаттары колдоруна чачылып жатат.
Ошондой эле эл аралык байкоочулар шайлоонун жүрүшүнө көз салууда.