Бүгүн, 4-октябрда парламенттик шайлоо өтүүдө. Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова шайлоо участкалары ачылганын айтты.
"Жалпы 2 миң 475 шайлоо участкасы ачылды. Шайлоодо 16 саясий партиянын тизмеси катталган. 1 миң 957 талапкер катталды. 57 талапкер ар кандай себептер менен өздөрүнүн берген арыздарынын негизинде талапкерлердин тизмесинен алып салынган", - деди ал.
Ага 16 саясий партия ат салышууда.