"Саат 09:00". Өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков шайлоо участкасына келип, добушун берди (фото)

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо өтүүдө.

Саат 09:00дө өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков №5 мектеп-гимназиясында түзүлгөн №1327 шайлоо участкасында добушун бергени келди.

Өлкө башчыны коштоп келгендер көрүнгөн жок. Сооронбай Жээнбеков кабинага кирип, добушун бергенден кийин автоматтык эсептөөчү урнага келип, шайлоо бюллетенин салып жатканда техникалык мүчүлүштүк болуп, баракча дароо кабыл алынган жок. Өлкө башчыга жардамга келишип, экинчи жолку аракеттен кийин президент шайлоо бюллетенин урнага салды.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан