БШКнын төрайымынын орун басары: "Бул шайлоо өзгөчө мезгилде өтүп жатат"

Бул шайлоо өзгөчө мезгилде өтүп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымынын орун басары Абдыжапар Бекматов билдирди.

"Баарыбызга белгилүү болгондой, бул шайлоо өзгөчө мезгилде өтүп жатат. Дүйнөдө коронавирус илдети жүрүп жатат. Бул партиялар, БШК, жарандар үчүн жөнөкөй болгон жок. Көпчүлүк жолугушуулар, түшүндүрүү иштери онлайн түрүндө өттү. Шайлоочуларды эрежени сактоого чакырабыз. Социалдык аралыкты сактоону өтүнөбүз. Тартипти сактоону суранганда туура түшүнүү менен кабыл алат деп ишенебиз. Бардык жерде тиешелүү жабдыктар дезинфекцияланды", - дейт ал.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан