"Шайлоо калыс өтсө, элибиз добуштарын акчага сатпаса экен" дейт эң жаш шайлоочу

Бүгүн, 4-октябрь өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жаткан учуру. Ар бир шайлоо участкаларында добуш берүү өз нугунда жүрүүдө. №1060 шайлоо участкасында биринчи жолу шайлоого катышып жаткан 18 жаштагы Гүлжан Каныбекованы SUPER.KG порталы сөзгө тартты.

"Биринчи жолу шайлоого катышып жатам. Бүгүн маршруттук такси каттабаганына, жумушка кечиккениме карабай биздин келечек үчүн добуш берүүгө келдим. Өзүм ишенген партияга добушумду берем. Шайлоо калыс өтсө, элибиз добуштарын акчага сатпаса экен", - деди жаш шайлоочу Гүлжан Каныбекова.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан