Шайлоо участкаларына 5 миң 728 медицина кызматкери тартылат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда саламаттыкты сактоо министринин орун басары Нурболот Үсөнбаев маалымат жыйында билдирди.
"Бүгүнкү күндө шайлоо участкаларында 5 миң 728 медицина кызматкери тартылып, ошол жерде ден соолукка байланыштуу маселелерди карайт. Жаран ооруп кала турган болсо, бардык жерде биздин дарыгерлер иштеп жатат. Дары-дармектер даяр. Добуш берүүнү уюштурууда эрежелерди сактап берет деп ишенебиз. Түшүнүү менен кабыл алууга чакырабыз", - деди министрдин орун басары.