Баткенде бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды

Баткен облусунда бардык шайлоо участкалары ачылып, шайлоо өнөктүгү башталды. Бул тууралуу өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлүнүн басма сөз кызматынан билдиришти.

Өкмөттүн Баткен облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Алишер Абдрахманов Баткен шаарындагы №8074 шайлоо участкасында добуш берди. Ыйгарым укуктуу өкүл алгач шайлоо участкасынын салтанаттуу ачылышына катышып, жалпы элди шайлоонун башталышы менен куттуктады.

Алишер Абдрахманов өз сөзүндө "бүгүнкү күн кыргыз эли үчүн өтө жооптуу күн. Ар бирибиз тартипти, санитардык талаптарды сактоо менен бул өнөктүккө активдүү катышып, шайлоонун тынч жана ийгиликтүү өтүүсүнө салым кошолу”, - деди.

Белгилей кетсек, пандемияга байланыштуу шайлоо участкаларында жарандардын саламаттыгы үчүн санитардык-эпидемиологиялык коопсуздукту камсыз кылуу боюнча бардык тийиштүү шарттар түзүлгөн. Бул күнү коомдук тартипти камсыз кылууга 622 милиция кызматкери тартылган. Баткен облусунда 215 шайлоо участкасы, 284265 шайлоочу бар.


РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан