Президент Сооронбай Жээнбеков добуш бергенден кийин: "Бир дагы партияга артыкчылык берилген жок, бир дагы партияга кысым көрсөтүлгөн жок"

Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин 7-чакырылышына депутаттарды шайлоо өтүүдө.

Саат 09:00дө өлкө башчы Сооронбай Жээнбеков №5 мектеп-гимназиясында түзүлгөн №1327 шайлоо участкасына келип, добушун бергенден кийин сөз сүйлөп, Кыргыз өлкөсүнүн жарандарына кайрылуу жасады.

Өз сөзүндө өлкө башчы ар бир жаран добуш берүүгө келишин жана саясий маданиятын көрсөтүшү керектигин белгилеп өттү.

"Бүгүн шайлоо өнөктүгү аяктап, добуш бере турган күн келди. Биз шайлоо адилеттүү өтүшү үчүн баарын жасадык. Партиялардын баарына бирдей шарт түзүлдү. Бир дагы партияга артыкчылык берилген жок, бир дагы партияга кысым көрсөтүлгөн жок. Бардык партиялардын дебаттары радио-телеканалдардан, мамлекеттик телеканалдардан көрсөтүлүп турду. Аларга эч кандай чектөөлөр, тоскоолдуктар болгон жок. Бардыгы өз программаларын эркин айтып, сын-пикирлерин билдирип жатышты. Ошондуктан бул шайлоо жана үгүт иштери курч саясий атаандаштыкта өттү. Президент катары ушул шайлоо ачык, адилеттүү өтүшү үчүн мыйзам алкагында бардык милдеттеримди аткардым. Бүгүн шайлоочунун добушу баарын чечет. Менин добушум эмнени чечет деп кайдыгер болбой, колду шилтеп койбой, үйдөн чыгып, шайлоо участкасына келип, добушубузду баарыбыз берели. Саясий көз карашыбызды тандообузду жасайлы. Ар бир жарандын добушу мамлекеттин келечегине чоң таасир берет. Бизге дүйнөлүк коомчулук назар салып турат. Биз үчүн коомдун стабилдүүлүгү элибиздин тынчтыгы абдан бийик. Мекендештер жогорку саясий маданиятты көрсөтөт деп ишенем", - деди өлкө башчы.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (3)
mmrhtbk
2020-10-04 10:11:04
Жакшы жакшы
0
sultan_bek
2020-10-04 10:25:17
Соке Куда кааласа деп журо бересинби. Кудай кааласа онолобуз дебей, озун реформа кылбайсынбы. Болбосо кет да, Кудайды эле президент кылып шайлап алалык. Кыскасы Соке менен адилеттуулуу болбойт. Жалан эле туугандарын кызматка дайындоо менен эле алек.
+1
bekbol2006
2020-10-04 11:08:16
Адилеттуу болгон жок
+2
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан