"Эл-журтка жакшылык алып келсин". Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев добушун берди

Өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү Балбак Түлөбаев Каракол шаарындагы №3142 шайлоо участкасында добушун берди. Бул тууралуу Балбак Түлөбаев социалдык тармактагы баракчасына жазып чыкты.

Анда Балбак Түлөбөев "эл-журтка жакшылык алып келсин" деген каалоо-тилегин да жазган.

Эске салсак, Балбак Түлөбаев Бишкек шаарынын мэриясында аппарат башчы болуп иштеген. 27-июлдан тарта өкмөттүн Ысык-Көл облусундагы ыйгарым укуктуу өкүлү.

Буга чейин өлкө башчы Сооронбай Жээнбековдун №1327 шайлоо участкасына саат 09:00дө келип добуш берип кеткени маалымдалган.

Өлкө боюнча жалпы 2 миң 430 шайлоо участкалары түзүлгөн. Өлкөдөн тышкары - 45.

Форма-2 боюнча 441 миң 10 жаран добуш берет.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан