Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда ИИМдин тергөө бөлүмүнүн башчысы Султан Макиев брифингде билдирди.
"Бүгүн коомдук тартипти сактоо үчүн 10 миңден ашык милиция кызматкери тартылды. Ар бир шайлоо участкаларына 1ден 5ке чейин кызматкер бекитилген. 900 кызматкер жол коопсуздугун камсыздап жатат. 2 миңден ашык элдик кошуундар тартылып, ыкчам штабдар түзүлгөн. Учурда кырдаал туруктуу. Милиция кызматкерлери күчөтүлгөн тартипте иштеп жатат", - деди ал.