Бүгүн, 4-октябрь өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жаткан учуру. Ар бир шайлоо участкаларында добуш берүү ар түрдүү маанайда өтүп жатат. Ал эми борбор калаадагы №1001 шайлоо участкасында шайлоонун жүрүшүнө көз салдык.
Ал жерде бардык талаптар сакталганы, кезек күтүүнүн аздыгы, аралык сакталып, добуш берүү өз нугунда жүрүп жатканына күбө болдук.