Мырза-Аке айылында шайлоо санитардык эрежелерди сактоо менен өтүп жатат

Өзгөн районуна караштуу Мырза-Аке айылында шайлоо санитардык эрежелерди сактоо менен өтүп жатат. Шайлоого жашоочулар активдүү катышып, кезек күтүшүүдө. Мырза-Аке айылынын борборундагы 51/15 шайлоо участкасынын төрайымы Асылбү Жусупованын айтымында, шайлоо жакшы өтүп, эл эрежени сактап шайлоого катышып жатышат.

"Белгилей кетчү жагдай, мурун адамдар бири-бирин минип, ызы-чуу салчу эле, азыр баары жакшы" деди ал.

Ал эми шайлоого келип катышкандар Кыргыз өлкөсүнүн келечегине кайдыгер карай албаганынан улам шайлоого келип, катышып жатышканын кошумчалашты. Айтымдарында, алар татыктуулар шайлоодон утуп чыгат деген үмүттө.

РУБРИКАДАГЫ СОҢКУ КАБАРЛАР
Архив
Комментарийлер (0)
БАШКЫ БЕТ
СОҢКУ КАБАР
СУПЕР-ИНФО
SUPER.KG ВИДЕО
МЕДИА-ПОРТАЛ
Кинозал
ЖЫЛНААМА
Суперстан