Бүгүн, 4-октябрда өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жаткан учуру. Ар бир шайлоо участкаларында добуш берүү өз нугунда жүрүүдө.
"Ыйман Нуру" партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков №1346 шайлоо участкасында добуш бергенин аталган партиянын өкүлү SUPER.KG порталына билдирди.
"Добушубузду берип, атуулдук милдетибизди аткарып чыктык. Ылайым ушул шайлоо адилеттүү, адептүү, таза шайлоо болсун. Кыргыз өлкөсүнүн жакшы жакка өзгөрүшүнө, дүркүрөп өсүп, өнүгүүсүнө себеп болгон эл-журттун тандоосу болсун", - деди "Ыйман Нуру" партиясынын лидери Нуржигит Кадырбеков.