Бүгүн, 4-октябрь өлкөдө Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өнөктүгү өтүп жатат. Ага шайлоого катышып жаткан партиялардын лидерлери да катышууда. "Ордо" саясий партиясынын лидери Мирбек Мияров №44 мектептеги шайлоо участогуна барып, шайлоого катышты.
Партиянын маалымат катчысынын айтымында, партия лидери аталган шайлоо участогуна келип, саат 11де урнага бюллетень таштап, №12 катардагы "Ордо" партиясын шайлаган.