КМШнын байкоочулар миссиясынын жетекчиси Виктор Гуминский форма-2 менен добуш бергендердин саны көп болгону шек жаратып жатканын айтты. Бул тууралуу ал бүгүн, 4-октябрда журналисттерге билдирди.
"Шайлоо участкаларында эреже бузууларды аныктаган жокпуз. Форма-2 менен добуш бергендер абдан көп болууда. Бул шек жаратат. Мен Чүй облусунда болдум. Ал жерде бир участкада 480 шайлоочу форма-2 менен добуш берет экен. Бишкекте мындай шайлоочуларга караганда форма-2 менен 1,5 эсеге көп болуп жатат. Бул жерде шек бар. Эмнеге жарандар шайлоо участкаларын алмаштырып жатат? Бул боюнча билдирүүбүздө айтабыз", - деди ал.