Бүгүн, 4-октябрда Жогорку Кеңештин депутаттарын шайлоо өтүп жатат. Жогорку Кеңештин төрагасы Дастанбек Жумабеков Жал кичи районундагы №1050 шайлоо участкасына келип добуш берди.
Спикер добуш берер алдында электрондук урна иштебей, кезек күтүү жаралды.
Бул боюнча Дастанбек Жумабеков: "Техника деген техника экен, мүчүлүштүктөр болот. Эң башкысы запас бар экен, 10 мүнөттөй убакыттын ичинде алмаштырылды", - деди.