Саат 10:00гө карата жалпы 236 миң 921 жаран добуш берди. Бул тууралуу бүгүн, 4-октябрда брифингде Борбордук шайлоо комиссиясынын төрайымы Нуржан Шайлдабекова билдирди.
Анын айтымында, бул шайлоочулардын 6,72 пайызын түзөт. "Бишкек шаарында 33 миң 405, Ош шаарында 14 миң 898, Жалал-Абад облусунда 47 миң 635, Ысык-Көл облусунда 16 миң 36, Нарын облусунда 10 миң 843, Ош облусунда 48 миң 918, Талас облусунда 10 миң 57, Чүй облусунда 37 миң 807, Баткен облусунда 17 миң 222 шайлоочу добуш берди", - деди ал.