"Кырдаал дүйнө жүзү боюнча начарлап жатат, айрым өлкөлөрдө жазга караганда азыр начарлап кетти. Статистикалык маалыматтарга караганда, биздин өлкөдө бүгүнкү күндө 200дөн ашык учур катталды. Бул кечээки күндөн кыйла жогору", - деди премьер-министр Кубатбек Боронов бүгүн, 4-октябрда журналисттердин өлкөдө карантин киргизүү ыктымалдыгы жөнүндө суроого жооп берип жатып.
Премьер-министрдин айтымында, коронавирустук инфекциянын статистикасы көбөйүп жаткандыгына карабастан өкмөт карантиндик режимди киргизбөөгө аракет кылат.
"Мүмкүн болушунча биз элди кыйнабайбыз, карантин киргизбейбиз жана бүгүнкү күндөгү шарттар менен күрөшүүгө аракет кылабыз", - деп кошумчалады ал.
Премьер-министр ошондой эле учурдагы режимди күчөтүү керектигин белгилеп, өкмөттүн мындай кадамдарын эл түшүнөт деп ишене турганын кошумчалады.