Бүгүн, 4-октябрь саясий партиялар дагы, шайлоочулар дагы көптөн күткөн добуш берүү күнү.
Шайлоо участкалары таң эрте саат 08:00дөн баштап иштеп баштады. Өлкөдөгү эпидемиологиялык абалга байланыштуу быйылкы шайлоо санитардык-эпидемиологиялык эрежелерди сактоо менен өтүүдө.
Ага ылайык, ар бир келген шайлоочунун дене табы текшерилип, акысыз бет кап жана кол кап таратылып жатат.
Добуш бергени келген жарандардын басымдуу бөлүгү өздөрүнүн бет каптары менен кирип, добуш берип жатканы маалым. Буга карата социалдык тармактын Нургалы Жумагулов аттуу колдонуучусу айрым жарандар белги коюлган бет кап менен келип жатканын жазып чыкты. Ал баракчасына сүрөт жүктөп, астына "малга эн койгондой эле, шайлоочуларга эн коюп салыптыр" деген билдирүү калтырган.
Мындан тышкары социалдык тармактарга жалаң окшош, жашыл түстөгү бет кап тагынып келишти деген сүрөт тарады.
БШКнын төрайымы 4-октябрь саат 10:00гө карата жалпы 236 миң 921 жаран добуш бергенин кабарлады.