"Мекенчил" партиясынын лидери Камчыбек Ташиев добуш берди. Бул тууралуу аталган партиядан билдиришти.
Ал Кыргыз мамлекеттик медициналык академиясындагы участкага кичүү кызы Сумая менен келип өз добушун берди.
Бүгүн өлкөдө парламенттик шайлоо өтүп жатат. Ага жалпы 16 саясий партия ат салышууда. Борбордук шайлоо комиссиясынын маалыматы боюнча, саат 10:00гө карата 236 миң 921 шайлоочу добуш берди.